Кечээ, 28-июлда Бишкек шаарындагы эс алуу жайларынын биринде атактуу рок-ырчы Виктор Цойдун жолун жолдогон орусиялык "Виктор" тобунун концерти өттү. Топ 4 адамдан турса, солисти менен бас-гитарачысы мекендештерибиз. Аталган топ алгач өлкөбүздө, Ош шаарында түптөлгөн.
1993-жылы учурдагы топтун солисти Асхат Калбаев бас-гитарачы жана үн режиссёр Алексей Турий менен таанышып, Кыргыз жергесинде хит болгон "Настроение" аттуу ырын чыгарышкан. 1995-жылы ырын кассетага жаздырып, тааныштар аркылуу Санкт-Петербургга берип жиберишкен. Кассетаны уккан "Кино" тобунун продюсери Юрий Белишкин Оштогу топту Орусияга Виктор Цойду эскерүү концертине чакырып, ошондон тарта иштешип калган.
"Виктор, биз сени жакшы көрөбүз, сен ар дайым биздин эсибиздесиң! Биз сенин ырларыңды такай ырдап турабыз жана сенин атыңды булгабайбыз" деген Асхат Калбаев Кыргыз жергесине сөзсүз кайтарын SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен 20 жылдан бери Орусияда ырдап жүрөм. Кыргыз жерине сөзсүз келем. Рок жанрын бул жактан да өнүктүрсө болот. Менин кыргызча да ырларым бар, Кудай буюрса, аларды жаздырам, каалоом бар. Ал ырлар эстрада жанрында болот", - дейт ырчы.
Асхат Калбаев кыргыз элин жакшы ырларды угууга чакырды:
"Кыргыз угармандарынын жакшы ырларды угуп, жакшы адам болуп жүрүшүн каалайм. Бул музыка адамды жакшылыкка, позитивге үндөйт, адамдарга эмне чындык жана эмне жасалма экенин көрсөтөт. Менин рокко болгон көз карашым ушундай", - деди Калбаев.
"Апам бул жакта турат. Мен аны, туугандарымды жана жакындарымды, мекенимди сагынам. Апамдын куса болгону жүрөгүмдү оорутат", - деп өзүнүн сезимдери менен бөлүштү.
"Музыка - менин жашоом. Мен Кыргыз өлкөсүндө жашасам, жөн эле күн өткөрүп жашай бермекмин, бирок чыгармачылык менен алектене албай калмакмын, тиги жактан (ред. Орусиядан) бир нерсе жаратуу мүмкүн", - дейт Асхат Калбаев.
Ал эми топто урма музыкалык аспапта ойногон Павел Лобачевский кыргыз көрүүчүлөрү ага жакканын айтты.
"Мага кыргыз аудиториясы жакты, аба ырайы дагы жакшы болду. Бир аз гана күндүн жаашы тоскоолдук жаратпаса, баары жакшы. Санкт-Петербургда 20 градус болсо, бул жакта 40. Бир аз оор болуп калат экен. Анын үстүндө кечээ түнү менен Ысык-Көлдөн келип, уйкубуз канбай калса да, концертте болушунча жакшы чыкканга аракеттендик. Виктор Цойдун ырларын 5-6 жылдан бери ырдап келем, анын ырлары мага ар дайым жагып келген", - дейт Павел Лобачевский.
Концерт саат 19:00дө башталат делгени менен, аба ырайы бузулуп, катуу жааган жамгырдын айынан 3 саат кеч башталды. Бул аралыкта үшүгөн көрүүчүлөрдүн айрымдары үйлөрүнө кайтышты, ал эми калгандары үчүн концерт жайкы кафелердин биринде коюлду. Алгач концерт башталарда көрүүчүлөр үчүн чакан оюн уюштурулду. Андан соң Асхат Калбаев "Бул жерде топтун ишенимдүү угармандары, ырларыбызды уккусу келгендер калды деп ойлойм, достор, баарыңарга рахмат! Силер даяр болсоңор, анда баштайлы" деген сөздөрү менен концертин "Кино" тобунун "Алюминиевые огурцы" ыры менен баштады. Залдагы эл аны колдоп, бирге ырдап жатты. Бул ырдан кийин "Камчатка" аттуу ырды тартуулашты. Концерт башталары менен угармандардын көпчүлүгү ордуларынан туруп бийлеп, ырдашса, айрымдары сахнага чейин чыгып, ырчыларга тоскоолдук жаратышты.
Белгилей кетсек, концерт атактуу ырчы Виктор Цойду эскерүү максатында коюлуп, "25 жыл ансыз... Цой тирүү!" деген аталышта өттү. Кечеде Виктор Цойдун "Мы ждём перемен", "Муравейник", "Когда твоя девушка больна", "Кукушка", "Звезда по имени Солнце" аттуу белгилүү ырлары жаңырды. Ал эми "Виктор" тобунун өз чыгармачылыгынан хит болгон "Настроение" ыры гана аткарылды. Концерттин акырында көрүүчүлөр суранып "Восьмиклассница" ырын ырдатышты. Андан кийин топтун мүчөлөрү бардык каалоочулар менен сүрөткө түшүп, кол тамга берип жатышты. Жыйынтыгында концерт бергендер да, концерт көргөндөр да ыраазы болуп тарашты.