Сот Урмат Аманбаевага акчалай айып салып, абактан бошотту

Экс-депутат Урмат Аманбаева абактан бошотулду. Бул тууралуу 29-июлда SUPER.KG'ге Жогорку Соттун маалымат кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Жогорку Соттун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы Урмат Аманбаевага карата 2016-жылдын 19-июлунда токтом кабыл алды. Сот Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 13-ноябрындагы өкүмүн жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 20-апрелиндеги өкүмүн өзгөрттү.

Аманбаева "кылмышка шериктеш болуу" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом (30 000 эсептик көрсөткүчтөгү) айып төлөө белгиленди.

Эскерте кетсек, "Республика" фракциясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан "коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган. Экс-депутат "Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтирген" деп айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
terabait
2016-07-29 14:05:27
акчаң болсо эле милиондорду жеп 30000 сом төлөп айып пул төлө да кете бер...
эмне деген мыйзамдар иштейт ээ чоңдор үчүн бул көрүнүш менен кийинки муунду мындан да амалдуу кылып таптайт го.....
+2
Bars111
2016-07-29 14:07:04
30 000 (отуз миң) эсептик көрсөткүчтөгү айып төлөө белгиленди деп турбайбы. Бул жерде отуз мин толобойт. КР дагы Орточо айлык акыны Отуз минге кобойтобуз.
0
Frunze74
2016-07-29 14:09:55
Bars111, минималдык, орточо эмес.
0
Frunze74
2016-07-29 14:16:58
Бизде булардын баары саясий Шоу, элге "коррупция менен курошуп жатабыз" деген жалганы! Мына коррупция беренеси менен айыпталган Иса Омуркулов, Нариман Тулеев, Аманбаева, Келдибеков ж.б. бошотулду, жакында Карганбек Самаков, Коркмазов, Нарынбаевдер акталат. Бийликтин жолунан кыя откондор кармалып бираз эскертуу алышты да ордунду бил деген. Болбосо Окмот, Жогорку Кенеш ж.б. миллиондорду сугунбаган таза адамды табуу кыйын. Балык башынан сасыйт болуп коррупция Ак уйдон башталат бизде.
+3
Arslan12
2016-07-29 14:31:11
Соттун озун соттош керек, сот адилеттуу болуш керек, анда турмодо отургандардын баарына мыйзам бирдей эмес!
+1
kuba502
2016-07-29 14:33:45
Мына тамаша.Ушундай да болобу
0
realmadrid32
2016-07-29 14:34:03
Жогорку эмес жайма базардагы сотко, 17тини мойнуна илип кемине бут байлыгын мамлекеттке откоруп жибериш к-к эле.
+2
realmadrid32
2016-07-29 14:37:37
Озуно болсо 5 сотых жер берип жугору эктириш к-к, акча кайдан келет билсин.Негизи чыткынчылардын жазасы ушундай
+1
Leanor
2016-07-29 14:56:10
Кайдагы 30000(отуз мин)? 3000000(уч лимон) деп турат го?
0
Zaika10
2016-07-29 15:14:28
Мына сага коррупция! 17миллион ашыгы менен жеп 3миллион эле айып пул толой бекен?! Дегеле бизде мыйзам иштебей калдыго атка минер,жугунду ичерлердин заманы болуп!
0
mamatkerim
2016-07-29 15:28:28
3 000 000 казынага калганы сотторго да
0
ALATOOLUK.JIGIT
2016-07-29 15:58:21
30млн айып пул салыо,толотуп,анан камаса анык адилеттуу иш болмок. Бирок кайдан,Атамбаёп келгенден бери Акыйкаттын "А"тамгасынан бери Азиз озу менен кошо ала кетти окшойт. Акаевдин убагында Исанов,Осмонов сыяктуу кайрандар кырылды. Бакиевдин кезинде Эркинбаев,Акматбаев сымал тироочтор кулап,а азыркын доорунда жакшылар чогуп,жамандар кооп,"катуулар" качып,безип,"жумшактар"элди эзип калган заман болду. Билбейм качан онолобуз,кайран элим,кайда баратабыз?!
+5
fanatka19
2016-07-29 17:33:26
Сот туура эмес өкүм чыгарган.оңой кутулуп кетиптир,ушул иштин айынан бир киши да каза болгон.Сотко наалат
0
Aitunuk
2016-07-29 21:45:22
30000х100=3000000, ошондо 3млн. төлөйт.
0
Zanzibara
2016-07-30 19:06:09
Туура эле кылыптыр чыгарып эчак эле чыгарыш керек эле. Жүз миң доллар пара менен колунан кармалган эркек депутатты дароо эле чыгарып жиберишти го. Бул аял кишиге бир аз болсо да гумандуулук кылыш керек. ☺
0
Kroxa
2016-08-01 09:48:10
Мына сага 17 миллионго аз штраф толотсо баары эми жейт турбайбы ал экс депутат да.откондо 13мин сомдук телефон уурдады деп 11жыл берди эле ХХХ соттор,уй урдааса 15жыл бергени да жургон..
+1
admin_portal
2016-08-01 10:43:54
Kroxa, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан