Бүгүн эртең менен унаасындагы жарылуудан улам Башкы прокуратуранын кызматкери оң көзүнөн, сол колунан айрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына бүгүн, 29-июлда кабарлашты.
"Жарылуудан анын сол көзү менен оң колунун манжалары катуу жабыркаган, аларды калыбына келтирүү мүмкүн эмес экен. Учурда операция жасалып бүтүп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Ал эми Чүй ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан бул тууралуу бардык материалдарды чогултуп, Башкы прокуратурага жиберишкенин билдиришти. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдраманов бул иш боюнча Тергөө башкармалыгы тарабынан "укук коргоо кызматкерин өлтүрүү үчүн кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.