Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди (фото)

30-июль күнү Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым өкүлү Аманбай Кайыпов жана бир катар депутат, министрлер катышты. Алгач Тайлак баатырдын эрдиги чагылдырылган сценка коюлуп, андан соң өкмөт башчы менен Жогорку Кеңештин төрагасы сөз сүйлөдү. Анда Сооронбай Жээнбеков президенттин куттуктоосун окуп, Тайлак баатырдын эрдиги бүтүндөй кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Тайлак баатырдын жасаган эрдиги мекенди сүйүүгө, акыйкаттыкка, ынтымакка, абийирдүүлүккө, көз карандысыздыкты бекемдөөгө шыктандырат деп ишенем. Тайлак баатырга окшогон бабаларыбыз мураска калтырган элибиздин эркиндигин, бүтүндүгүн ыйык сактайлы. Дайым бар болуп, бир болуп, ынтымагыбыз артсын. Кыргыз элибиздин эртеңки келечеги үчүн ак кызмат кылалы”, - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми маараке учурунда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков “элди, жерди коргогон баатырлар эч качан унутулбаш керек” деп буларга токтолду: “Мына быйылкы жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Ал эми тарыхтын, маданияттын негизги из салган адамдары дал ушул Тайлак баатыр сыяктуу биздин аталарыбыз. Улут болуш үчүн ага тарых керек. Улуттун эки эн тамгасы бар: бул анын тарыхы жана маданияты”.

Майрамдык иш-чаранын алкагында атайын этноайылдар курулуп, боз үйлөр тигилген. Анда аймактардан жана чет элден келген коноктор даам сызып жатышты. Ошондой эле спорттун күрөш, эр эңиш, ат чабыш түрлөрү боюнча мелдештер орун алды.

Тайлак Ырыскул уулу болжол менен 1796-жылы азыркы Ак-Талаа районунун аймагында жарык дүйнөгө келген. Ал 19-кылымдын биринчи жарымынан тарта кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөш жүргүзгөн. Ал 1838-жылы Кокон хандыгынын тыңчысы тарабынан ууландырылып өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Edik_86
2016-07-31 14:16:07
мен тушуно албадым тиги боз уй ортонуп атабы же башка нерсеби
0
Azizbek.kg8
2016-07-31 14:52:29
Edik_86,интермедия (сахна корунуш)койушкан .булар
0
zhykyo
2016-07-31 23:15:52
Сонун болду кымыздан бастырып коюп эле журдум боз уйго кирсен кымыз сунат шириндигин айтпа Кыргызымдын кен пейилдиги мейман досчулугу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан