Сүрөтчү президенттин сүрөтүн тартып, анын "Судьбе назло" ырына клип жаратты

Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн тартып, анын "Судьбе назло" ырына клип жаратты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге сүрөтчү өзү 3-августта билдирди.

"Президенттин сүрөтүн тартууга анын "Судьбе назло" ыры себепчи болду, анткени ыр мага аябай жакты. Ошондон улам 1-августта сүрөтүн тартып, аны менен кошо клибин жаратууну туура көрүп, 2 саат эмгектендим. Сүрөттү өзүнө белекке берем", - деди Койчуманов. Белгилей кетсек, клип "Айтыш фильм" студиясы менен биргеликте тартылган.

Алмазбек Атамбаевдин алгачкы "Судьбе назло" ыры интернетке өзүнүн аткаруусунда 2-июлда чыккан.

Президенттин "Судьбе назло" ырына клип жаралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (58)
futboler
2016-08-04 00:38:39
Быйылкы жылды кеч болсо да маданият жылы деп белгилебейлиби, бирин ырдап жаткан, бирин сурот тартып жаткан
-6
beko.m
2016-08-04 01:30:46
Президент болобу,бомж болобу наржагынан бар болсо ырдай берсин,ырынын мааниси мага жакты.А президенттик жумушун да аракет кылып эле иштеп аткандай го..
-1
sultan89
2016-08-04 01:36:44
Белиңер бешиктен чыга элек бөлүнөсуңөр,чоңойсоңор жер жүзүн экиге болуп койбогула,кайсы бирин пайда таптың бөлүнүп , мага дагы уйрөткүлөчү,эх өкүнүчтүү.
+2
sultan89
2016-08-04 01:36:55
Кимдир бирөө сага акыл айтса, ал адам сенден акылдуу болгондугу үчүн, же идеал, үлгүлүү адам болгондугу үчүн акыл айтып жатат деп ойлоп калба.
Кээде ал, сени өзүнө караганда жакшыраак адам болушуң үчүн акыл айтат.
-2
take220281
2016-08-04 06:25:33
Ким кандай иштеп атат билбедим, билгеним баары жок кымбат, коррупция, карыздар чачтан көп.
-2
Labadax
2016-08-04 06:56:25
Атангору десе адамдар эмне болуп калган,жагыныш учун АША бир эки ыр ырдап койсо эле суротун тарта салып,клип тартып суротун белек кылып.Бек Борбиевдин суротун тартып,Бекке суротун белек кылсанар эн сонун жарашмак.Откондо Ысык колдо суйлогондо кыргызча суйлогондорду мазактап отту го.Кыргыздар орусча ырымды тушунушбойт деп.
-2
take220281
2016-08-04 08:08:31
Уят эле кайсы өлкөнүн башчысы артист болуп атат? ажо деген серьезныйыраак болбойбу?
0
zhykyo
2016-08-04 09:42:17
Ар бир адам колунан келгенин жасайт суротчу болсо сурот тартат да ар бир ырына ушинтип тартып чык ар турлу сурот кылып жарайсын
-1
admin_superstan
2016-08-04 10:25:59
nazira..., bakulya2015, chinko, aigerimosh, tasnim, bakulya2015, lexus47, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар. Порталдын эрежелерин сактап, провокациялык билдирүүлөрдү жазуудан алыс болгула. Оозеки эскертүү!
-7
bakulya2015
2016-08-04 15:35:59
admin_superstan,жарайт
-3
admin_superstan
2016-08-04 10:28:47
Nyrbany92, провокация жарата турган, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Атайлап эрежелерди кайталап бузгандыгыӊыз үчүн 30 күнгө БАН!
+3
Arsenal2
2016-08-04 10:53:33
Кыргыздарга жарым метр таяк берип койсон болду бириникин бири чукуп коюп жата беришет
-1
Awpoz4u
2016-08-04 11:44:51
Жаалаң оооняктагыларга жакпайт да биздин АША. .ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2016-08-04 14:46:52
Awpoz4u, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. 5 күнгө БАН!
+4
Мэри
2016-08-04 12:46:37
Сүрөт сонун тартылыптыр. Белекке берсе эмне болуптур, болбойбу? Кылдан кыйкым издеп эле туруш керекпи? Ооздон жакшы сөз чыкпай калдыбы?.. Азамат деген сүрөтчү Рамзан Кадыровго деле атасынын сүрөтүн бергени жатат го (мык, жип колдонуп тартылган сүрөттү)...
+1
tt8888
2016-08-04 13:26:42
Маселе жамандап же мактаганда эмес.азыр жашоо кыйындап баратат бул чындык.3-4 президенттин бири да лидердик сапаты жок экен менин оюмча.Кыргызстанда проблема аябай коп..билген адамга..
+2
aidai271115
2016-08-12 11:50:29
Ашанын жеке концертине кош келгиле. билет баасы бир кундук пикетке берген акча. концерттин коноктору Мискенбаев Текебаев алып баручу Мотуев жана отунбаева клип конул ачып кетиниздер. биздин адрес ак уйдун 1-этажы... ушундай кылып реклама бербесе болду эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан