Өлкөдө терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор жарандыктан ажыратылат

Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев “Терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам эл аралык терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан. Террористтик же экстремисттик ишти эл алдында ачык жактырганы, куралдуу кагылышуу же согуштук аракеттеги зоналарга жашы жетпегендерди алып барганы, терроризм актылары жөнүндө көз көрүнө жалган билдиргени, мамлекеттик же коомдук ишмерлердин өмүрүнө же ден соолугуна кол салганы үчүн жазык жоопкерчиликти күчөтүү боюнча чараларды кабыл алууга багытталган. Мындан тышкары террористтик жана экстремисттик аракеттери үчүн соттолгондорду өлкө жарандыгынан ажыратуу нормасы каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан