Фетхуллах Гүлен: "Президент Эрдоган авторитаризмге жакындап баратат"

Түркиянын Стамбул шаардык соту диний аалым Фетхуллах Гүленди кармап, камакка алууга санкция чыгарганы 4-августта белгилүү болду. Түркия бийлиги Гүленди "аскердик төңкөрүш уюштурду" деп айыптап, АКШдан аны тезинен экстрадициялоону талап кылууда. Диний ишмер бул окуяларга катыштыгы жок экенин айткан.

Соттун санкциясынан кийин Гүлен түрк бийлигин сындады. Чет элдик маалымат булактарына берген комментарийинде диний аалым буларды айтты: "Түркияда көз карандысыз сот адилеттүүлүгү жок, буга документтик тастыктоолор бар. Ошондуктан аталган санкция президент Эрдоган демократиядан алыстап, авторитаризмге жакындап калганынын дагы бир мисалы".

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15инен 16-июлга караган түнү аскерлердин тобу Түркияда бийликти басып алууга аракеттенген. Акыркы расмий маалыматка ылайык, ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштө 290 адам мерт болуп, төңкөрүшкө тиешеси бар деп 26 миңдей адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан