"Ысык-Көлдө болгон эс алуудан үйгө баратып Кыргыз Республикасы менен Казакстандын чек арасынан өзүмдү сириялык качкындай сездим", - деп башталат казакстандык эс алуучунун блогу. Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн чек ара бекетинен 15 мүнөт ичинде өтүп, Казакстандын өткөрүү бекетинде узак убакыт туруп, аскер лагериндегидей тар, эки жагы тең темир менен курчалган өтмөктөн өткөн.
Чыныгы адамдык эмоциялар менен коштолуп жазылган блогдун негизги суроосу - "Эмне максатта?" Чындыгында эле эмне максатта адамдар өтө турган чек ара бекетинде мындай катуу чаралар көрүлгөн? Божомолдордо "Кыргыз жерине экинчи келбесин", "көзөмөл бекетинде отургандардын ыңгайы үчүн" деген өңүттөгү ойлор жазылган.
Катуу эмоция менен эс алуучу тар, темир тор менен курчалган өтмөктүн ичинде болгон окуяларды сүрөттөп жазган. "Жакында Польшада болгонбуз. Ал жерден аскердик туткундардын концлагерине күбө болдук. Бул жак так эле ошол жерди элестетерин сездим" деп эс алуучу тынчтык учурундагы бир тууган, боордош эки мамлекеттин ортосундагы чек ара бекетин сүрөттөгөн.