Түркияда “98 кытайлык жаранга паспорт жасап берген” деп айыпталган эки адам Кыргыз Республикасына алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын басма сөз кызматынын бүгүн тараткан маалыматында: “Түркияда кармалган С.А. жана Т.К. аттуу кыргыз жарандары 29-июль күнү алынып келинди. Аларга “жасалма документ жасоо” жана “мыйзамсыз миграция уюштуруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон”, - деп айтылат.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-май күнү Стамбул шаарындагы аэропорттон Кытайдын 98 жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган. Бул кылмышка шектүү катары эки кыргыз жараны кармалган.