Конституцияны өзгөртүү демилгесин 87 депутат колдоду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 8-августта Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев тастыктады. Ал эми калган депутаттар колдой тургандыгын же колдобой тургандыгын азырынча билдире электигин белгиледи. Анын айтымында, колдогон депутаттардын фамилиялары аппараттын тийиштүү бөлүмүндө турат.
Мындан эки күн мурун демилгеге КСДП фракциясынан 18 депутат, "Республика-Ата Журттан" 9 депутат, "Кыргызстандан" 6 депутат, "Өнүгүү-Прогресстен" 1 депутат, "Бир болдон" 3 депутат, "Ата Мекен" фракциясы толугу менен - 11 депутат кол коё элек болчу.
29-июлда аталган мыйзам Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлган.