2016-жылдын 5-августунда Түркияга расмий сапары менен барган президент Нурсултан Назарбаев Казакстандагы түрк мектептери текшерилерин айтты. Казакстандын президенти Түркияга коркунуч жараткандардын эч кимисин колдобой турганын белгилеп: "Биз бул мектептердин баарын текшерип чыгууну макулдаштык. Мектептердин ишмердүүлүгү боюнча Түркиянын маркум президенти Тургут Озалдын тушунда кол коюлган. Бул окуу жайларда билим алуу акы төлөө жолу менен ишке ашырылат жана билим берүүнүн сапаты абдан жогору. Аларда 9 миңдей адам окуйт. Эгерде алардын арасында терроризм менен байланышы барлар болсо, биз Түркиянын талаптарына толугу менен жооп кайтарабыз", - деди.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган диний аалым Фетхуллах Гүленге байланышкан 33 мектептин тизмесин Казакстандын президентине бергенин айтты.