Хиллари Клинтондун ден соолугу интернет колдонуучуларынын көңүл чордонунда

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун бутуна араң туруп турганы жана аны эки адам жөлөп үйгө киргизип баратканы 8-августта интернеттеги социалдык тармактарга тарады.

Дүйнөлүк ММКлар шайлоочулардын ой-пикирлери экиге бөлүнгөнүн айтып, бир тарабы адамдын оорусун курал кылуу болбой турганын айтышса, экинчи тарап Клинтондун президенттик жарыштан чыгуусун талап кылууда.

Мындан тышкары социалдык тармактардын колдонуучулары бул сүрөттөн кийин Хиллари Клинтондун жөтөлүп жаткан сүрөттөрүн чогултуп коллаж жасап, социалдык тармактарга чыгарып жатышат.

Сүрөттөрдөн тышкары экс-мамлекеттик катчы айымдын психикалык ден соолугу тууралуу суроо койгон видео тарады. Видеодо Хилларинин берген маектериндеги түшүнүксүз кыймылдар жана кол жаңсоолор көргөзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sagy
2016-08-08 19:10:40
Трамптын президент болушун каалайт элем. Ал АКШны же жакшы нукка бурат, же жок кылып бутот. Эмнеси болсо да, бутундой аалам учун жакшы жыйынтык алып келуучу талапкер.
-3
AKCAHAT
2016-08-09 12:21:03
Sagy,Трамп сказал, что хочет запретить въезд в США всем иностранцам-мусульманам. Ранее он решил отказаться от использования слова «мусульманин», призвав к запрету иммиграции людям. Дуйнодо кыргыздар мн орустардан башка дагы 6-7 милрд калк бар. СНГ олколору мейли Оруссияга тыгылып жаман корсо да эптеп иштеп жан багат . Ал эми калган англис тилдуу кедей мусулман олколорчу? АКШнын президенти каалайбызбы жокпу шайлайбызбы жокпу бизге, бутун дуйного таасирин тийгизет.
0
Kyialbek.a
2016-08-08 21:45:52
Трампты колдойт элем мен
-1
daniel87
2016-08-09 00:15:44
Ал да адамда ооруса ооруйтда башкалар сыяктуу эле
+4
Aygir
2016-08-09 00:27:33
У неё "Көк жөтөл".Таканин мөндөлөйүн жесин айтып койгула
+11
fantastic_baby
2016-08-09 12:21:08
Aygir, Айтып койдум ))
0
Medina..
2016-08-09 01:35:27
Комментарийлерди окуп эле жыргайсын да))
+2
Kyrgyz_KG
2016-08-09 05:48:43
Трамп мусулмандарды америкага киргзизбейм деп жатат ошону колдойсунарбы ?! биринчи платформасын карап туруп анан суйлосонор
+9
AKCAHAT
2016-08-09 12:14:07
Kyrgyz_KG, Трампты колдогондор ... мээлер озуно окшогон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан