Диний ишмер Чубак ажы Жалилов Оштогу Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта жактоочу Акин Токталиев билдирди.
Жактоочунун айтымында, Чубак ажы Жалиловдун суракка чакыртылышына Ош облусунун тургуну Ашырали Вахидовдун арызы себеп болгон. Анда ал диний ишмердин "Ахмадия" жамааты боюнча айткан терс пикири Юнусжан Абдужалиловдун өлүмүнө себеп болгонун жазган. Мындан улам кылмыш ишин козгоп, чара көрүү керектигин суранган.
“Бийлик тараптан ачыктан-ачык саясий куугунтук башталды. Чубак ажы Жалиловдун ой жүгүртүү жана өзүнчө пикирге ээ болуу укугу тебеленип жатат. Аны суракка алыш үчүн 5-август күнү Оштогу Тергөө башкармалыгы чакыруу кагазын жөнөттү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия “Чубак ажынын сүйлөгөн сөздөрү диний кастыкты козутат” деп эксперттик корутунду чыгарыптыр”, - деди Акин Токталиев.
Ошондой эле ал: "Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизалык корутунду чыгарганга эч кандай укугу жок болчу", - деп кошумчалады.
Айта кетсек, 1978-жылы туулган Юнусжан Абдужалилов 2015-жылдын 22-декабрында белгисиз адамдардын огунан улам каза тапкан.
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов буларга токтолду:
“Бизге кайрылуу үстүбүздөгү жылдын 20-январында келип түшкөн. Анда Оштогу Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Чубак ажы Жалиловдун айткан сөздөрү боюнча комплекстүү корутунду чыгарып берүүбүздү суранган. Биз тиешелүү корутундуну 11-апрелде эле чыгарып бергенбиз, бирок анын жыйынтыгы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт”.
Ошондой эле Бактыбек Осмонов жактоочу Акин Токталиевдин “Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизалык корутунду чыгарганга эч кандай укугу жок болчу” дегени негизсиз экенин айтты: “Тиешелүү корутундуну чыгарууга Кылмыш-процессуалдык кодексинин 204-беренеси (экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү) жол берет”.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, Чубак ажы Жалиловдун суракка чакыртылганын тастыктап, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдиришти.
Диний ишмер Чубак ажы Жалилов буга чейин УКМКга суракка чакыртылып, интернеттеги баракчасына жазган билдирүүсү үчүн эскертүү алган болчу. Анда ал жума күнкү түшкү тыныгууну 2 саат кылууга каршы чыккан депутаттар менен кол берип учурушпай турганын жана алардын жаназасына барбай турганын айткан эле.
Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган. Кийин УКМК “ажылыктан түшкөн кирешени салык төлөбөй жашырып койгон” деп кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн. Бирок сот аны актаган.