Түркиянын күч органдары адам өлүмүнө шектелип кармалган кыз Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыкташты

Түркиянын күч органдары адам өлүмүнө шектелип кармалган кыз Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыкташты. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилиги Конья шаарынын Коопсуздук башкармалыгы менен байланышып, кармалган кыз К.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экенин такташкан. Учурда кылмышка шектүү сурак берүүдө”, - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Айта кетсек, 7-август күнү түркиялык басылмалар Конья шаарындагы турак үйлөрдүн биринде 24 жаштагы үй ээси Муаммер Башактын жансыз денеси табылганын жана бул кылмышка шектелип Кыргыз Республикасынын 21 жаштагы жараны Б.Канзада жана С.Хусейин аттуу түрк жараны кармалганын жазып чыгышкан. Анда суракка алынган кыз Муаммер Башакты өлтүргөнүн мойнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Mirbek95
2016-08-09 18:47:28
Бул кабарды жеринен жана эле укканмын. Кыз жумуш таппай, ошол турк менен таанышып, анан аны менен анын уйундо акча учун (денесин сатып) жашап жургон экен. Уй ээси мас болуп уктап жатканда, жип менен муунтуп олтуруптур. Жигиттин досу кызга олтур деп кенеш бериптир. Кандай жаман. Байклер кыз, карындаштарынарды Ткркияга жонотпогуло. Ал жакта кыргыздын кыздары женил ойлуу катары бааланат экен.
+15
fly2010
2016-08-09 18:54:04
Чубак ажы ушундай кунго туш болбошубузду,баарыбыз уй булобуз мн ынтымак болушубузду,ак эмгек бешене тер мн нан таап жешибизди айтып тушунбогон адамдарга жаман корунуп баарын алдын алайлы, ыйман жолунда болуубузду какшап атат да!!!
+11
Tansuluu09
2016-08-09 19:05:27
Уят кылдыда ушуга окшоштор Кыргыздардын жузун жер каратып
+8
meerimma84
2016-08-09 22:42:15
ар бир кыргызмын деген эркек озунун карындаш эжесин каттуу кармашы кк, каттуу кармаш учун созу отумдуу болуп уйбулону багыш кк карындаш эже аялы салган акчаны жеп жатпай. Анан да инсап берсин баарыбызга.
+12
Deniza88
2016-08-09 23:41:03
meerimma84,ошону айтсаныз. Кавказдарды карачы, кыздарына даже соз тийгизбейт.
+4
maratbek88.88
2016-08-10 00:31:19
Deniza88, ошо кыргыздын кыздары айла жоктон барсаго мейли чет жака кызыгып жакшы акча тапкысы келип баргандар барда ушул кызга окшоп .анан кавказдын кыздарыда ошого жараша ушунтип журушбойтда.озун айтчы ачык кийинип шыртандап жургонун кордунбу бар болсода ошол жакта кавказда.Ушинтип четде журсун тирулойн комотко жерге
+3
mikoo
2016-08-09 23:52:04
Кыргыз балдар узбечка кызга уйлонсом кандай болот деп совет сурашат наоборот эже–синдисин коргогондун ордуна(
+2
Frunze74
2016-08-10 01:01:15
Урматтуу ата-энелер, сураныч, уул-кыздарынарга татыктуу тарбия бергилечи ата-эне деген ыйык, улуу атка татыктуу болуп, уул-кыздарынарды женил ойлуу, эрке, жалкоо, орой, улуу-кичууну ызаттабас тушунугу томон кылып остурбой.... Анан да канча кыйналган кундо да кыздарынарды чет жакка жонотпогулочу сураныч, турмушка чыккан сон гана куйоосу менен кете берсин, ага чейинки жоопкерчилик силердин мойнунарда 18 ге толсо да... Кыздарынардын келечегин, бактысын ойлогула озунорду эле эмес!...
+3
Frunze74
2016-08-10 01:13:51
Чет жерде жургон кыздар, мейли Россияда, мейли Туркияда болсун, копчулугу бузулуп жаман жолдо журуудо же кулк-мунозу бузулууда оздордун "тушунуктуу, цивилизованный" элестетишип, шаар коргон эчкиден бетер. Алардын айынан туура-туз жургон кыздарыбыздын бетине да "жаман, бузулган" деген коо жабылууда. Ата-энелерге кенеш: кызынарды турмушка узатмайын жонотпогуло чет жакка. Эркектерге айтарым, келинчегинерге ээ чыккыла жаман жолго бастырбай! Эже-карындаштарынарды чакырбагыла чет ж
+4
Kitep
2016-08-10 01:23:40
мумкун ал кызды зордуктайм дегендир,кыз озун коргойм деп олтуруп алгандыр
0
Frunze74
2016-08-10 02:03:39
Kitep, турк маалымат булактарында окуя кенири баяндалыптыр, кыз тиги туркту бууп олтургон сон шектенбесин деп машинесин башка жакка таштап келиптир. Машине айдайт экенсин, Бишкекте торговый агент болуп иштесен деле жаман эмес ко, Кайсериде апжеси болсо, Антальяга бейтааныштын жанына балээ барбы? Бул жерде куноо 200% кызда. Мындай кыздардын тарабын албайм мен, кыргыз да, кыз да атына татыктуу эмес. Сая жургон таяк жейт деп бекеринен айтылган эмес да.
+1
ziko_kt
2016-08-10 13:19:47
Frunze74,
ото окунучтуу. биз уй булобуз менен чет жерде жашайбыз ,кыргыз дээрлик жокко эсе деп журсом келген кыздардын кобу сойкулук кылып акча таап кочого чыгышпайт экен. жолдошум орус тааныштары айтканынан чычалап, урушуп-талашып жатып айткан жерге барышса чындык болуп чыкты. ата-энен, ага-инин жокпу, акчаны башка жол менен тапса болбойбу деген суроолорго ото орой, "жолун менен кете бер, братан, башты оорутпай" деген жооп алды. эмгиче ачуусу таркабай ызаланып журот кыргыз учун.
0
AnnaBeLLa
2016-08-10 01:48:58
Ар бир жанга жетиштуу акыл берген ошол акылды туура пайдалана билиш керек. Терен ойлонуп,бугунку кундун жыргалын эмес,эртенки келечекти умутонуп,жашаш керек. Мен тушунбойм кээ бир кыздарга пол жуугандан арданып,сойку болгондон намыстанышпайт. Пол жуусан сен элдин басканын жуубасын,кири кетет. Сойку болсон сени тепсейт ушундан арданыш керек! Турцияда ар турдуу кара жумуштар бар бир аз жанын кыйналат, андан качып женил иш издешет. Оор кундун артында кубанычтуу бакыт бар!!! Ыйман берсин!!!
+3
Pandora
2016-08-10 02:03:20
Бул кабарды уккан байкуш ата-энеси,бир туугандарч кандай абалда калды экен,байкуштар оллуу менен тируунун ортосунда калды окшойт((( жаратканым озу адашкан пендесине женилинен берсин.
+3
Frunze74
2016-08-10 02:07:18
Pandora, ата-эне татыктуу тарбия бергенде азыр окунуп отурбаган болоор эле... Анын устуно кызын Туркияга жонотоордо ойлонушу керек эле алдап сойкулукка туртсо эмне болот деп...
0
xnurgul_gul
2016-08-10 05:08:49
Frunze74,ata enesinde kunoo jok kazirki kyzdar emne ata enesin ugat beken
+1
Frunze74
2016-08-10 10:45:20
xnurgul_gul, уул-кыздардын ата-энесин укпай "озун озу билип, отугун торго илген" женил
ойлуу болуп осушу тарбиянын жоктугунан кабар берет. Тарбия коргон, абийирдуу, намыстуу уул-кыздар кайда журбосун ата-энесине наалат алып келбей бир жакшына журушот.
0
Elvanu
2016-08-10 04:03:01
4,5 баласын багып аларга акча жонотуп иштеген эжелер толтура , Анан акыл уйротосунор Эркектер ,
Бул жакта Туркияда эркектер базарда ,эркектер талаада,эркектер кафеде эркектер магазинде , эркектер бакчада иштешет
Аа биздечи, дарбыз сатканыда аялзат ,мал базарда аялзат ,ээ койчу кайран соз силерге Кыргыз эркектери ...
+6
orhideya-12345
2016-08-10 09:54:01
Elvanu,Мен сизге кошулам,мен эркекмин деп тош каккандын баары озуно тийиштуу аял затын уйдо багып олтурса мындай нерселер болмок эмес....
0
Frunze74
2016-08-10 10:49:57
orhideya-12345, Демек Россия, Туркияда эрге тийбей турк, тажик, озбек ж.б.жандап кунумдук ырахатын гана ойлогон женил ойлуу кыздарга эркектер куноолуу экен да. Цирк, Моссовет ж.б.жерлерде башкалардай адал эмгек, бешене тери менен акча табууну каалабай, денесин сатып женил, арам оокатка ыктаган сойку кыздарга да эркектер куноолуу экен го... Ошол женил ойлуу, аягы суюк кыздарга кайсы намыстуу эркек уйлонот айткылачы...
+1
Elvanu
2016-08-10 04:11:18
Денесин сата турган кызц,Ата энесин тоорундо отуруп деле сата берет !!! Аллахтан корккон журок болсун . Аллахым насип,кылса бизда аман эсен ата энебиздин кичинекей мотурайган бобокторубуздун кашында болобуз ....
+4
admin_portal
2016-08-10 10:07:45
Elvanu, жалаң баш тамга менен жазууга болбойт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан