SUPER.KG порталы сиз үчүн сынак жарыялайт!

Кечээ эле там-туң басып, тушоосу кесилген сиздин сүйүктүү порталыңыз SUPER.KG`ге быйыл 10 жыл болду. Мына ушундай 10 жылдык мааракенин урматына колдонуучулар үчүн сынак жарыяланганын кабарлайбыз.

Катышуучу порталдын 10 жылдыгынын урматына куттуктоо жасашы керек. Куттуктоону видеоформатта жөнөтүү талап кылынат. Видеону ыр түрүндө, обону менен, жалгыз өзү же команда менен, ар түрдүү жайларда, ар түрдүү жанрда, айтор, фантазиясына жараша кызыктуу жана оригиналдуу кылып тартса болот. Даяр болгон эмгегиңизди admin@super.kg электрондук дарегине же +996557756342 WhatsApp номерине жөнөтөсүз. Сынак 2016-жылдын 16-августунда старт алып, 16-ноябрга чейин уланат. Видеону жөнөтүп жатканда катышуучу аты-жөнүн толук жазып, телефон номерлерин сөзсүз көрсөтүшү керек.

Видеосынактын шарттары:
1. Видеонун узактыгы 3 мүнөттөн ашпашы керек;
2. Видеону колдон келишинче сапаттуу тартуу керек;
3. Видеодогу куттуктоонун мазмунуна, маанисине жараша да баа берилгендиктен, уйкаштык, позитивдүү маанай, маани-маңызы дагы сакталышы шарт.

Жеңүүчүлөрдү SUPER.KG порталынын редакциялык кеңеши аныктап, 10 мыкты катышуучуну иргеп алат. Тандалып алынган 10 катышуучунун эмгектери SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мыкты делген 3 жеңүүчү тандалып алынат.

Байге фонду:

1-орунга ноутбук

2-орунга планшет

3-орунга уюлдук телефон

Жеңүүчүлөргө ыйгарылчу белектер декабрь айында SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программада сахнадан тапшырылмакчы.

Эмесе, чамдаңыздар! Бардык катышуучуларга чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
KaiMak
2016-08-17 18:46:53
ээх мен мындайларга ишенбей деле калдым... же пешенем жокпу... Летс го суусундугунун акциясына катыштым эле. 9 билет чогулттум . Эч темке чыкпады.
+9
Forevergulmairam
2016-08-18 14:28:20
KaiMak,ошону айтсаңыз билет чогултсак деле эч нерсе жок!О!операторунан дагы 13билет чогулттум эле биринен да приз чыккан жок!
+6
kub_u3_kgstana
2016-08-22 00:40:26
Forevergulmairam,аа бактына жараша да меники билайнда 25 билет бар эмгиче дайын жок бирок умут узулбойт экен да))
0
Taranchy
2016-08-18 11:03:03
Бир адам эки куттуктоо жонотсо болобу
+2
Armada100
2016-08-19 10:36:41
Видео монтаж кызматын сунуштайм )))

Силердин артынар менен акча топтоп ошондой ноутбукту сатып эле алсамбы...
+2
Armada100
2016-08-19 10:45:35
Созсуз куттуктоо болушу керекпи? Куттуктоосу жок эле кооз рекламалык ролик тартса эмне болот?
0
zairbek09
2016-08-21 18:40:49
Баарынарга ийгилик каалайм.жакшы жакшы
0
Uson13
2016-08-21 19:11:57
Кол ийрисине тартат дейт буларда ошентип жеңүүчүнү аныктап коюшат себеби суперде да акыйкаттык калбай калды
+8
Medina87
2016-08-27 12:08:02
Uson13,
Суперде акыйкаттык болсо Саясат болумуно талкуу жабык дкмек эмес!
Бул бир типа Реалити шоу, элдин конулун башка жакка буруп алдоо.
+5
souza.j
2016-09-16 22:42:35
Medina87,105%
+1
Zaina
2016-10-08 12:41:06
Medina87, точно ошондой, бул жерде коптогон чындык адамдардан катылган, кайсы депутатка кобуроок кошомат бут билинип турат. Вечерний бишкекти да окуп салыштырсанар, асман менен жердей кыргызстандын политикасы. Тан кала берем
0
KG.Kushtarbek
2016-08-22 01:25:12
оххо кыйын шарткооо
-2
Bolotmyrzaa
2016-08-22 03:55:17
Аа мен чет жака жолдомо беретгоо деп ойлопмун!
+2
Sirduusezim
2016-08-25 17:08:44
Менин талантым бар бирок танышым жок
+1
KG.Kushtarbek
2016-08-27 11:47:23
телефон Samsung galaxy Note7 екен
+2
nur_zhoni
2016-08-27 20:54:34
Автомобил коюлганда аракет кылат элем ноутбук эле экенго
+6
AykaMer
2016-09-04 11:24:43
Видеонун устуно музыка жазса болобу? Же видеодо суйлогон создор угулушу керекпи?
-1
Bekish-kg
2016-09-19 01:42:06
мен бандамынбы?
+1
kanatt
2016-10-24 18:36:04
Ошончо эмгек кылып,женишке жетишсе ноутбук,телефон аздык кылатко.
+2
ChynyhyFakt
2016-11-05 00:16:51
Видеону жон эле жонотуп койсон болду да э, вастапттан?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан