“Турак жай курулуш кооперативи” коалициясынын жетекчиси Нурлан Асановго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-июль күнү Эркин кесиптик кошуундар конфедерациясынын мүчөлөрү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылып, Нурлан Асановду жоопко тартууну суранышкан. Арызда Нурлан Асанов аталган конфедерацияны жетектеп турганда өзүнүн унаасын ижарага алып, ал үчүн бирикмеден айына 1000 доллар алып турган. Жалпы келтирилген зыян 1 миллион 31 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча Бишкек ШИИББи “коммерциялык ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ошондой эле буга чейин Бишкек ШИИББинин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан бир канча шаар тургуну кайрылып, “Турак жай курулуш кооперативи” коалициясынын жетекчиси Нурлан Асанов “арзан үй алып берем” деп акча алып, ушул убакка чейин бербей жүргөнүн айтышкан. Мындан улам Ленин РИИБи “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.
Айта кетсек, 26-июль күнү Бишкектеги М.Горький сейил багында “Турак жай курулуш кооперативи” коалициясы митинг өткөрүп, анда борбордук аянтка барып жолду тосуу чакырыгы айтылган. Мындан улам бир канча адам кармалып, 5 адам 3 суткага камалып чыккан. Алардын арасында Нурлан Асанов да болгон.
Айрым маалымат булактары Нурлан Асановдун 30-июль күнү эле өлкөдөн чыгып кеткенин айтышууда.