Кыргыз кызы Айсулуу Тыныбекова "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 5-орунду ээлегендиги үчүн үчүн өкмөт тарабынан 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алат. Акчалай сыйлык өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралдагы токтомунун негизинде ыйгарылмакчы.
Ал токтомдо Олимпиада оюндарында жана Паралимпиада оюндарында алдынкы сегиздикке кирген спортчулар үчүн акчалай сыйлык каралары жазылган.
Кайсы орун үчүн канча сумма каралган?
1-орун (алтын медаль) - 7 000 000 (жети миллион) сом;
2-орун (күмүш медаль) - 5 000 000 (беш миллион) сом;
3-орун (коло медаль) - 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом;
4-орун - 2 000 000 (эки миллион) сом;
5-орун - 1 000 000 (бир миллион) сом;
6-орун - 900 000 (тогуз жүз миң) сом;
7-орун - 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
8-орун - 700 000 (жети жүз миң) сом.
Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта килемге чыгып, мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8) уткан. Чейрек финалда анын атаандашы Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Олли болду. Балбан кызыбыз 14:7 эсебинде утту. Жарым финалда анын атаандашы Орусиянын өкүлү Валерия Коблова болуп, беттеш 4:1 эсебинде атаандаштын жеңиши менен аяктады. Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.