Балбан Магомед Мусаев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында эркин күрөш боюнча мелдеште жарым финалга чыкпай калды. 97 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз чейрек финалда украиналык Валерий Андрийцевге утулуп калды.
Алгачкы 2 упай кыргыз спортчусунун эсебине жазылды. Экинчи бөлүктө украиналык балбан 2 упай алды. Машыктыруучулар калыстын чечимине каршы чыгып, "челленж" ыргытышты. Калыстар упай туура саналып жатканын айтышып, атаандашка 1 упай берилди. Жаракат алганына карабай Украинанын өкүлү дагы 2 упай алды. Жыйынтыгында беттеш 5:2 эсебинде украиналыктын жеңиши менен аяктады.
М.Мусаев мелдештин жарым чейрек финалында монголиялык Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утуп алган.