Премьер-министр мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин жоюу боюнча бир катар чаралар көрүлүшү керектигин айтты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта өкмөттүн жыйынында мектептерде окуу китептеринин жетишсиздигин жоюу боюнча бир катар чараларды көрүү зарылдыгын билдирди. Анын белгилешинче, өкмөт жыл сайын окуу китептерин алууга каржылоону жогорулаткандыгына карабастан, окуу китептеринин жетишсиздиги актуалдуу маселе бойдон калууда.

Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, 2012-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого 36,5 миллион сом бөлүнгөн, өткөн жылы бул максаттарга республикалык бюджеттен 130 миллион сом бөлүнгөн. Ага карабастан, келип түшкөн маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнү камсыздандыруу 79,6 пайызды түзөт.

"Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептеринин жетишсиздигин жоюу боюнча бир катар чараларды көрүшү зарыл. Атап айтканда, окуу китептеринин электрондук түрлөрүн киргизүү, окуу китептерин ижарага берүү жана башка ушул сыяктуу маселелерди караштыруу керек. Эгерде бул максаттарга каражат бөлүнбөй жатса башка суроо эле, бирок андай эмес. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги аталган маселени чечүү боюнча чечкиндүү сунуштарды киргизсин", - деп билдирди премьер-министр.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу маселесине көңүл буруп, жогорку квалификациялуу мугалим жана сапаттуу окуу китеби билим берүүнүн башкы шарттарынын бири экенин билдирди.

Анын айтымында, азыркы каржылоо тутуму, донорлор тараптын колдоосун камтыганда да үзгүлтүксүз китеп менен камсыз кылууну ишке ашыруу мүмкүн эмес. Жаңы муундагы 1-4-класстарды окуу китептери менен камсыз кылууда маселелер арбын. Ортоңку жана жогорку класстарда окуу китептеринин зарылдыгы мындан дагы көбүрөөк, ошондуктан окуу китептеринин комплектиси кымбатыраак. Азыркы колдонуудагы окуу китептерине 20 жылдан ашты жана жараксыз абалда.

"Көптөгөн ата-энелер базарлардан жогорку баадагы китептерди сатып алышууда. Алардын сапаты дайыма эле стандарттарга жооп бербейт. Бул жагдайда окуу китептерин ижаралоо – камсыздоодогу эң арзан жана жеткиликтүү ыкма. Бул систем эл аралык тажрыйбада далилденген. Эксперттердин баалоосу боюнча, туура схемалоо шартында өзүн өзү толук камсыздоого беш жыл аралыгында чыгууга болот. Мамлекеттик бюджет жалпы сумманын 20 пайызын гана каржылашы керек, тактап айтканда, каражат жатак-үйлөрдөгү балдарга, балдар үйлөрүндөгү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн гана акысыз окуу китептери менен камсыздоого жумшалат. Ошого карабастан, донорлор окуу китептерин ижаралоо схемасын жактыруу шарттары менен жаңы окуу китептерин иштеп чыгууга жана чыгарууга тийиштүү каражатты бөлүп берүүгө даяр", - деди вице-премьер-министр.

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрга чейин окутуу жүктөмүн оптималдаштыруу, мектептерди окуу куралдары менен камсыздоо, анын ичинде окуу китептерин ижарага берүү механизмин киргизүү аркылуу камсыздоо боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле жаңы муундагы стандарттардын киргизилишин, жаңы муундагы тийиштүү китептердин иштелип чыгуусун жана апробацияланышын көзөмөлдөөнү камсыздоо тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан