Казакстанга каршы ойной турган футбол боюнча улуттук курамга 23 футболчу чакырылды

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жакынкы жолдоштук беттештерде ойной турган футболчулардын курамын бекитти. 25-августта баштала турган машыгуу сборуна 23 футболчу чакырылды.

Кошумчалай кетсек, улуттук курам 30-августта Казакстан курамасы менен, 6-сентябрда Филиппин курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Курам төмөнкүчө:

Дарбазачылар: Павел Матяш (убактылуу клубу жок), Валерий Кашуба ("Дордой"), Жаныбеков Руслан ("Алга").

Коргоочулар: Азамат Байматов ("Аль-Риффа”, Бахрейн), Тамирлан Козубаев (“Дордой”), Валерий Кичин (“Енисей”, Орусия), Виктор Майер (“Эммен”, Голландия), Дениэл Тего (“Хала”, Бахрейн), Ильяз Алимов, Умаров Акрам (экөө тең “Алай”), Владимир Казакбаев (“Абдыш-Ата”).

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков (“Крумкачы”, Беларусь), Фархат Мусабеков (“ТСК-Таврия”, Крым), Эдгар Бернхардт (“Роденхаузен”, Германия), Ахлидин Исраилов (“Днепр Черкассы”, Украина), Антон Землянухин (“Сисакет”, Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары “Дордой”), Павел Сидоренко (“Алга”), Абдурахмонов Одил (“Алай”).

Чабуулчулар: Виталий Люкс (“Унтерхахинг”, Германия), Мирлан Мурзаев (“Ушакспор”, Түркия)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
maks13
2016-08-23 10:25:07
Казактарды Жана Филипинди женгиле.Ийгилик калайм.Алга кыргызстан
+2
Edward.14
2016-08-23 10:35:00
7-0гө ургула эми Казактарды 2013төгү өчтү алыш керек
+3
souza.j
2016-08-23 11:17:39
Алга азаматтар.
+1
keba300989
2016-08-23 11:56:36
Спорт элибизди бириктирет экен, АЛГА Кыргызстан
+1
Neymarf
2016-08-23 12:54:10
Кыргызстан алга! Только победа керек бизге буюрса, Баку давай брат сен команданын дирижёрусун, Модрич менен Бускетс сыяктуу!
+1
Turdakun85
2016-08-23 13:26:17
Алга кыргызстан Мурзаев Мирзалиев Акматалиев деген оюунчуларды алса болмок Виталий Люкс дегендин ордуна үчөөнүн бирөө чыгыш керек болчу
+1
Serenada
2016-08-23 15:50:41
Мен казактар менен бирге иштейм,буга чейин акыркы эки оюнда тен кыргызстан утулуп калган,5:2ге бир 7:1ге бир утулду.Эми бул оюнду коптон кутуп жургом нары биздин поляда ойнойбуз утушубуз керек кандай эсеп менен болсода!Бул жолу утулуп калсак чындап уят болот жигиттер намысты бербегиле уткула Алга Кыргызстан!!!
0
doki88
2016-08-23 21:38:10
Чабуулчулар азго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан