Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылып, күйүп кеткен унаадан 4 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыкка кабылып, күйүп кеткен унаадан 4 адам каза болгонун 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, унаа жолунун 439-чакырымында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып жол четиндеги тосмону сүзүп, оодарылып кеткен. Унаада 4 адам болгон.

Айдоочу жана эки жүргүнчү кырсык болгон жерден күйүктөн каза табышкан. Учурда алардын аты-жөнү такталып жатат. Ал эми Ош шаарынын 1967-жылы туулган А.М. аттуу тургуну (аял) Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 23-август күнү саат 15:00 чамасында катталганын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирген эле. "Хонда Одиссей унаасы бийиктен кулап түшүп, күйүп кетти. Унаада 5 адам болгон, экөөсү чыгып кетип, калганы белгисиз", - деп айткан окурман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Durdana
2016-08-24 10:01:14
кечээ жонотту эле "элдик кабарга" машинанын ичиндегилерге жардам берип анан жонотпойбу десен адамдар ач козбузда эээхх...
+5
Sharos3
2016-08-24 10:35:54
Ай фонго жан талашканда. Аны да туура эмес жонотуп. Одиссей эмес экенда демек. а то тушунугу аз адамдар рульга асылып атты эле
+1
Sharos3
2016-08-24 10:42:51
Адамдар кызык эле, кыргызстанда 60, 70% он руль болуп атса, демек 60,70% он рульдуу машина авария болот да. Анан эле он рульдуу машина деп калышат
-2
Sharos3
2016-08-24 10:43:24
Он рульдуу машинага такыр отурбагыла тушунугу аз адамдар
+3
novayariga
2016-08-24 10:50:31
Так кайсы жерде болуптур?
-1
aiba_00
2016-08-24 12:15:02
Кырсык он руль сол рульга карабайт да, мен сол руль менен эле келе жатып донгологум жарылып жолдун четине чыгып кетип олуп калайын дедим. Кырсык болуп кетпейт деп эч кимде кепилдик жок экенин тушундум.
-1
Ada3003
2016-08-24 12:19:19
Жаткан жерлери жайлуу болсун... пассат сол рулдуу
+3
sabyr86
2016-08-24 22:12:14
Огнетушитель алып жүрүш керек ар бир айдоочу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан