Жарандык көзөмөлдөө комитети президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасап, Конституцияны өзгөртүүгө каршылыгын билдирди.
"Учурдагы Конституция Курманбек Бакиевдин бийликти ээлеп алуусуна каршы Элдик революциянын жыйынтыгы катары жаралган. 2010-жылы бул Баш мыйзамды даярдоодо коомчулук кеңири катышып, процесс Улуттук телеканалдан көрсөтүлгөн. Ал кезде эл бул тарыхый окуяга тиешеси бар экенин сезген. Ошондуктан жарандар Конституцияны коргоп жатышат", - деп айтылат кайрылууда.
"Конституцияга бир топ өзгөртүүлөрдү сунуштап, жарандарга “ооба” же “жок” деген жооп берүү укугун берүү технологиясын Аскар Акаев ойлоп тапкан. Бул - элди алдоо. Революциялык бийлик бул технологияны кайра колдонобу? Көз карандысыз серепчилер, саясий жана коомдук ишмерлер Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр бир саясий топтун жана командаңыздагы адамдардын бийликти сактап калуу аракети экенин айтышты", - деп билдирет Жарандык көзөмөлдөө комитети.
Айта кетсек, Жарандык көзөмөлдөө комитети 2010-жылдын 11-апрелинде түзүлгөн, ага 70тен ашуун бейөкмөт уюмдар кирет. Бул комитет өкмөттүн, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча мониторинг жүргүзөт.