Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев бийлигин сактап калууга аракет кылып жатат”

"Ата Мекендин" лидеринин айтымы боюнча, Конституцияны өзгөртүү аракети карапайым эл үчүн эмес, бийликтегилердин бийликти сактап калуусу үчүн жасалууда. "Эгер азыр өкмөттү 61 депутат кызматтан кетире алса, Атамбаевдин сунушунан кийин 80 добуш менен кетире турган болот. Бул иш жүзүндө өкмөттү эч ким кетире албайт дегенди билдирет. Ошентип, премьер-министрликти парламенттин көзөмөлүнөн чыгарып, прокурордун колу жеткис кылып, түшпөс хан кылып, партия аркылуу Алмазбек Атамбаев реалдуу бийлигин сактап калуу аракетин кылып жатат. Биз 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды 10 жыл бою өзгөртпөйбүз деп убада бергенбиз. Элдин алдында берилген убадада турушубуз керек”, - дейт Өмүрбек Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан