17 жаштагы лицейдин окуучусу Кыргыз өлкөсүн велосипед менен 30 күндө айланууга сапарга чыкты

Бишкектик Ринат Зарыпбек уулу Кыргыз өлкөсүн 30 күндө велосипед менен кыдырып, улуттук рекорд койгонго бүгүн, 25-августта аттанды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ринат Зарыпбек уулу өзү билдирди. Ал жүрө турган жолдун узундугу 5 миң чакырымга барабар.

Ринат Зарыпбек уулу спорт менен профессионалдык деңгээлде машыкпайт. Спорттун бул түрү менен алектене баштаганына 1 жылдай болду. Буга чейин Ринат велосипеди менен 2015-жылы Ысык-Көлгө турга чыгып, 300 чакырымды 17 саатта басып өткөн. Ошондон бери алыскы сапарларга чыгып турат. Анын айтымында, бул сапардын башкы максаты - кыргыз элин дени сак жашоого үгүттөө. "Велоспорттун сүйүүчүлөрү 20-30 жаштагылар, алардын арасында бул спорттун түрүн жайылтып, адамдын мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенин көрсөткүм келет", - дейт Ринат Зарыпбек уулу.

Ал өтө турган жолдун айрым аймактары кооптуу экенин, жолдо ар кандай оорчулуктар жараларын түшүнүп турганын айтып, бул маршрутту басып өтүш үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшай турганын билдирди. Белгилей кетсек, ал бийик тоолуу, адамдар жашабаган, жапайы жаныбарлар байырлаган аймактар аркылуу да жүрөт.

Учурда Ринат Зарыпбек уулу Бишкек шаарынан чыгып, Талас облусун көздөй бет алганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
simone
2016-08-25 16:18:05
Азамат!
+2
adimyrza
2016-08-25 16:24:30
Ак жол
+4
abusait
2016-08-25 16:28:00
Жолдо этият боло кор. Жапайы жаныбарлардан да машина айдаган маймылдар ото кооптуу.
+14
nuridindosmatov
2016-08-25 18:31:22
Ошко келгенде айтып кой чай-пай кылавыз......
+5
mambo-1984
2016-08-25 20:34:01
Абайла карангыда айылдардагы маймылдар велосипединди тартып албасын
+1
Guli000
2016-08-26 12:38:25
mambo-1984,Азыр наборот болуп калган жанылыктын баарын окуп чыккын, шаардык маймылдар коп тартип бузуп аркандай себеп мн эркинен ажырап жатат,айылдыктарда кичине болсода ыйман ынсап бар!
0
white_angel
2016-08-26 06:07:03
Окуу башталаарда турга чыкканын)))) тамаша, азаматсын,сендей балдар кооп болсун!
0
Janym_ata_enem
2016-08-26 22:52:32
Мен былтыры Жалалабадка велик менен барам деп Тоо-ашууга жеткенимде машинага чыкканга аргасыз болгом. (жамгыр катуу жаап жиберген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан