Ош. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөрү үчүн каражат бөлүнөт

Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөрү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 25-августта болгон билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмесинде билдиргенин мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектенген, бала баккан кызматкерлерге колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен коммуналдык төлөмдөр үчүн 3 жарым миллиондон ашуун акча каражаты 2017-жылдан баштап төлөнүп берилет. 2016-жылдын биринчи жарым жылында эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3065 мугалимдин коммуналдык чыгымдары үчүн 4 миллион 703 700 сом төлөнүп берилди. Ушундай эле төлөм жаңы окуу жылында да улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан