Москвадагы өрттөн каза болгон 17 адамдын 14ү Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда Москвадагы элчиликтин өкүлдөрү Орусиянын укук коргоо органдары менен окуя болгон жерде бирге иштеп жатышат. Ошондой эле алардын өздүгү такталууда. Ал эми 3 адамдын жарандыгы азырынча белгисиз.