Президент фракция лидерлери менен Конституцияны өзгөртүү маселесин талкуулады

Бүгүн, 29-августта президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана фракция лидерлери Иса Өмүркулов (КСДП), Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата Журт"), Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"), Канат Исаев ("Кыргызстан"), Алтынбек Сулайманов ("Бир бол") менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Москвадагы өрттө жана Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкта каза тапкан Кыргыз Республикасынын жарандарын бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

"Эскерүүдөн кийин Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча пикир алмашуу болду. Президент Алмазбек Атамбаев адистердин эскертүүлөрүн жана демилгелерин талкуулоону жана алардын негизинде иштелип чыккан долбоорду кароону сунуштады. Фракция лидерлери жана парламент төрагасы президент колдогон долбоорду негиз катары алууга даяр экенин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук талкуу 2016-жылдын 10-сентябрына чейин узартылат. Ал эми Жогорку Кеңештин кароосуна иштелип чыккан долбоор сентябрдын ортосунда киргизилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан