Москвадагы өрттөн кыздарды куткарууга аракеттенген кыргыз балдардын бири Таалайбек Марип уулу: "Орусия ӨКМсы жай кыймылдагандай туюлду"

27-августтагы Москва шаарында басмаканадан чыккан өрткө Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барышканы менен, имаратта иске уланып 17 адам каза болду. Окуяны четте карап турбастан, имараттын ичинде калган кыз-келиндерге жардам берүүгө шашылгандар чыккан. Алар кыргыз улутундагы 5 жаран жана 1 орус жараны. Алардын аракети менен бир нече кыз куткарылып, жолдон ооруканага жетпей бирөө каза болгон. Өрттөнүп жаткан имараттан адам өмүрүн сактап калганга аракет кылган 6 баланын бири Таалайбек Марип уулу кайгылуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Окуя болгон күнү мен нөөмөтүмдү тапшырып сыртта тургам. Өрттүн чыкканын көрүп, ичинде кыздар бар экенин угуп, 4-кабатка көтөрүлдүм. Акырына чейин жете албадым, өрт күчөп кетиптир. Өрт өчүрүүчүлөргө кыздар бар жерди көрсөтсөм, алар да бара алышкан жок. Андан кийин сырттан 4-кабаттагы терезеде кыздын чыгып турган колун көрдүк", - дейт Таалайбек Марип уулу.

"Көрсө, ал кыз түтүндөн качып келип терезеге жатып калыптыр. Бир колу терезеден чыгып турганын көрүп, өйдө чыкканга аракет кылдык. Бирок, тилекке каршы, ал кыз каза болуп калыптыр. Бөлмөнүн ичиндегилер иске ууланып калышыптыр. Ал кабаттын терезелери да кичинекей, бир адам араң батат. Бөлмөнүн ичине кире алган жокпуз", - деп кошумчалады.

Таалайбек Марип уулу Орусиянын ӨКМ кызматкерлери жай кыймылдагандай көрүнгөнүн айтты:

"Алар план түзүп туруп алышты. Пландарын түзгүчө карап тура алган жокпуз. Алардын иштөө эрежеси ошондойбу же кандай... Бизге өтө эле жай кыймылдагандай туюлду".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Tansuluu09
2016-08-29 19:18:23
Азаматсынар!!! Озубуздун жигиттер
+13
Syper.kelin4ek
2016-08-29 19:18:38
Оруска эмне олсонда барибир
+5
ofiser26
2016-08-29 19:26:32
Башкалар учун билбейм. Мен учун 120 депутаттан да жогору чыныгы элге пайдалуу иш жасапсын.
+25
alhamdu
2016-08-29 19:37:15
Орустардын каналынан жардам бердим деп бир ошол орус суйлосо орустар экен депмин, баягыле озубуздун эржурок жигиттерибиз тура,алла раазы болсун...
+14
altynka95
2016-08-29 20:07:50
Азамат Алла ыраазы болсун,жердеш!
+8
eduardali
2016-08-29 20:15:32
Кыргызыман айлансын ошол орусстар молодец кыргызымдын жигиттери.
+8
altynka95
2016-08-29 20:36:39
Орустар жандарын рисковать кылгысы келбеди да, батыраак кыймылдашса кобун сактап калса болмок,алардын иши ошол болгондон кийин неге мынчалык кайдигер болушат
+4
Khabib
2016-08-29 21:02:23
кыргыз элим озубузду озубуз кылабыз биз кыргыздар
+1
Khabib
2016-08-29 21:04:14
карачы метронун астында калган орусту куткарды кыргыздар а орустар куткардыбы жок алар кайра чуркалар деп жаман корушот кобчулугуф
+8
Uhtishka.
2016-08-29 21:24:14
[moderated]дан ушул орт тууралуу видеосуна ,бироо коментарий калтырган экен "СПАСИБО ВСЕВЫШНЕМУ ,17-ЧУРБАНОВ МЕНЬШЕ СТАЛО " деп .Окуп алып жаман эле болдум,чыныдыгында кайдыгер экенин ошол жерден билсек болот .
Жигиттер азаматынар ,бар болгула !
+2
Emirulan
2016-08-29 22:19:06
Олгондон кийин акчалай жардамдын кереги эмне? Акча кыз, бир тууган же апа болуп бербей да. Бизде да ошондой ишканалар иштегенде байкуш кыздар ажал торун жайган жерге барбай эле. Уккандан бери журогум ооруду. Жакындарына кайгыруу менен конул айтабыз
+1
deva
2016-08-29 23:25:06
Кыргызстандагы типографияларда отуруп иштеген орундарда жалаң океңдер, кара жумушта кыкеңдер иштейт. Ишенбесеңер барып көргүлө
+1
Fekus
2016-12-23 16:44:03
deva,точно
0
kgz93kg
2016-08-30 03:49:48
Эркексин таалай!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан