Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан комплекси толугу менен оңдолуп бүттү (сүрөттөр)

Бишкек шаарынын "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан комплекси толугу менен оңдолуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Соода борборунун жанында жайгашкан фонтан начар абалга жеткендиктен, бардык насостук станциялары, электр чубалгылары алмаштырылып, бассейндин түбүн бетондоо жумуштары аткарылган. Эски фонтандын орду толугу менен жаңыланып, улуттук үлгүдөгү оймо-чиймелер, чуркап бараткан жылкылардын образы берилген", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле фонтандын айланасындагы мажүрүм талдарды жакын арада кыюу пландалбаганы, эгерде шаар тургундарынын өмүрүнө коркунуч жаратса, кыйылары кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Xanbiyken
2016-08-30 11:03:22
Сонунго азаматтар абдан кооз экен!
+7
Tansuluu09
2016-08-30 11:07:28
Жакшы курулуптур
+2
Мэри
2016-08-30 11:07:49
Сонун экен...
+1
Rasul_Rahmanaliev
2016-08-30 11:08:20
Ушундай жаңылыктар көп болсун.
+8
DNurgiza
2016-08-30 11:12:15
мага да жакты
+1
Boroev525
2016-08-30 11:24:25
Эх бул жерде кандай гана кундор калды жакшы кылыптырсынар
+1
Gema
2016-08-30 11:24:56
мына ушуну жагымдуу жанылак десе болт ..
+2
marapat
2016-08-30 11:30:47
сонун экен
+1
Arsenal2
2016-08-30 15:13:23
Сонун.Аракет бар жаны мерде, ушунусунан жазбасын
+1
jemile
2016-08-30 16:02:07
Коркунуч болбосо мажүрүм тал абдан жарашып калат экен кыйбай эле койсо...
0
Mekuza92
2016-08-30 19:02:22
Аиий соонун болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан