Москвадагы өрттөн айрым адамдарды куткарып калган Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшөт

Президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарындагы өрттөн Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын куткарууга жардам көрсөткөн адамдарды сыйлоо тууралуу маселени карап чыгууну өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 30-августта билдирди.

Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, куткарууга жардам берген адамдар мекеменин сыйлыгы менен сыйланышат жана мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшөт.

Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 3 адам жаракат алган. Жаракат алгандарды Азамат Акматов, Аширбек Шакиров, Азизбек Абдыгапар уулу, Маматсабыр Алимбек уулу, Таалайбек Марип уулу (Кыргыз өлкөсүнүн жарандары) жана Юрий аттуу адам куткарып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG.Kushtarbek
2016-08-30 11:43:26
Эми иштегенгоо окмоттун башы
0
nazgul.elhan
2016-08-30 11:57:52
Жанын аябай куткарган эр жигиттерибизди баатыр десек жарашат албетте, эн туура чечим.
+1
sabyr86
2016-08-30 12:34:58
Азаматтар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан