Жогорку Кеңеш 12-сентябрга чейин пленардык жыйындарын өткөрбөй турган болду. Тиешелүү чечим бүгүн, 1-сентябрда кабыл алынды.
Мындай демилгени КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев көтөрдү. "Жакында Көчмөндөр оюндары өтөт, депутаттардын көбү ага барышат. Мындан тышкары Курман айт болот. Буга байланыштуу бир топ депутаттар жалпы жыйындарга катыша албайт", - деп түшүндүрдү Рыспаев.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 69 депутат К.Рыспаевдин демилгесин колдоду. Төрага Чыныбай Турсунбеков парламенттик комитеттер жана фракциялар көчмө жыйындарын өткөрө аларын баса белгиледи.
Айта кетсек, Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү өтмөкчү, Курман айт майрамы болжолдуу түрдө 12-сентябрга белгиленген.