Самаркандда Ислам Каримовду жерге берүүгө даярдыктар көрүлүп жатат

Өзбекстандын алгачкы президенти Ислам Каримовдун кичи мекени Самаркандда аны жерге берүүгө даярданышууда. Бул тууралуу кечээ, 1-сентябрда "Фергана" басылмасы жазып чыкты.

"Биздин корреспонденттин тартып алган сүрөттөрү боюнча, өзбек лидери эки бир тууганы жана апасы коюлган Шахи Зинда тарыхый архитектуралык эстелигине туташкан көрүстөнгө коюлат", - деп жазылат басылмада. Басылманын жазганы боюнча, Каримов 3-сентябрда жерге берилет.

"Мамлекеттик учак Ислам Каримовдун сөөгү менен Ташкенттен Самаркандды көздөй сапар алды", - деп кошумчалаган басылма.

Ошол эле маалда "Озодлик" басылмасы Самаркандга премьер-министр Шавкат Мирзияев келгенин жазган. 1-сентябрда кеч кирип калганына карабастан, миңдеген көчө шыпыруучулар Регистан аянтынан Бибихоним күмбөзүнө чейинки аймакты тазалап жаткандыктары кабарланууда.

Ал эми социалдык тармакта ачылган "Здоровья Каримову" баракчасында "Мен мунун баары түш болуп калышын каалайм, мени ойготуп коюшун каалайм. Бирок бул чындык жашоодо болуп жатат. Ар бир адам өлөт, аны биз билебиз. Бирок биз акырына чейин лидерибиз тирүү экенине ишенип келгенбиз, биз баарына аны жашайт деп айтып келгенбиз. Биз баарыбыз аны күткөнбүз, миллиондогондор тааныган үнүн, анын сөзүн уккубуз келип, баарыбыз жылмаюусун көргүбүз келген. Тилекке каршы, ал жок. Бирок биздин президент биздин жүрөгүбүздө жашайт. Ислам Каримов - түбөлүктүү президент. Ислам Каримов Ататүрктөй эле элди бириктирген атабыз!" деген билдирүү жазылып, президент тууралуу талкууланып жатат.

Самаркандда Ислам Каримовду жерге берүүгө даярдыктар көрүлүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
bekhaliev
2016-09-02 11:21:29
И.Каримов молодец президент туура эли кыйналышты бирок балдары кыйналбайт келечекте,а бизде баржокту сатыш м.н алик,балдарыбызга эмне калдырабыз???
+3
Nur92
2016-09-02 11:27:33
Биздин жумушта 85теги чал иштейт
-2
josholu
2016-09-02 11:48:04
Эми согуш башталат 2-3 жылда
-12
mishonia8077
2016-09-02 11:57:53
josholu,оозуна чооон кара ташш
+20
Khabib
2016-09-02 12:37:42
Каримов жаткан жери жайлуу болсун абдан кыйын адам экен бизгеда акылдуу кыйын приздент келсе экен дейм келечекте
+1
rejepova
2016-09-02 12:50:41
мазарларды талкалап жатышатко тообо
-3
Baian
2016-09-02 12:56:21
Мен че то ишенбейтам олгонуно.Эгер олгон болсо Жайы жаннатта болсун!
-1
miraiymka
2016-09-02 13:11:36
фараондой болуп жер кабыл албай койбосо болду бул Каримовду.канчалаган элдин канын ичкен.
+5
miraiymka
2016-09-02 13:12:27
Каримовдун олумун куткондор эле канчалаган адамдар.
0
mashirapova
2016-09-02 13:49:43
miraiymka,айрыкча Ким куткон
+1
miraiymka
2016-09-02 15:54:15
mashirapova,озбектер кутотта.
0
bond0202
2016-09-02 13:14:21
техника менен казып комушот окшойт,кайра туруп кетпесин деп
+5
konfetka.medik
2016-09-02 13:32:15
Каримовко окшогон 6адам бар дешетко
-1
jalguzum
2016-09-02 14:41:57
Качан олуптур экен тируу дешип аттылего
0
argen.kg4
2016-09-02 15:00:19
Эч ким дунуйого туркук болбойт олсо олот да.Озун кудайга тенеген фараондор олгон.Бул го бир озбек экен.Ал башкарган убакта качалаган адамдар кырылган.Аллах сурагын женил кылсын эми.
Бирок олкосун кыйла онуктуруп кетти,биздин башчылардай талоонго салбай.
+5
MUSLIM-81
2016-09-02 20:46:47
Биздикилер тирик президентти дагы олдуго чыгарып коебуз.Бул коншулар бир сырдуудай.Жаткан жери жайлуу болсун,эгер чын болсо.Элибизде олгондун артынан жаман айтпайт.
0
bizon
2016-09-02 21:23:15
Жайы жаннаттан болсун билип билбей кылган куноосун алла кечирсин.
0
USAROV
2016-09-03 05:30:00
Жайы жаннаттан болсун. Бирок мамлекети учун коп иш кылып кетти. Келечек учун кыйналбагыдай кылып коп нерсени салып. Биздикилер баарын жеп талкалашты, сатышты. Келечек учун Россия менен Казахстанды калтырышты иштеп келесинер деп. Акча десен Аскар Акайды, Курманбек Бакийди, Алмаз Атамбайды да сатканга барышты. Тарыхта ЧОН тамга менен каласынар. Кыргызстанды онуктургонунор учун...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан