Август айынын акыркы күндөрүндө Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан комплекси толугу менен оңдолуп, ишке берилген. Бул жайда тургузулган жылкылар көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп жатат. Көбү анын фонунда гана сүрөткө түшүү менен чектелип келсе, бул салтты бузган жигит сууну кечип өтүп, жылкыга минип алган. Бул кылыгы менен ал социалдык тармактардагы активдүү мекендештерибиздин кыжырын кайнатты.
Активисттер "тарбиясы жок адам кайда болбосун тарбиясыздыгын кылат", "акылсызга сөз жок", "негизи, кыргыздардын түбү индейлерби деп калам, бул жапайычылык, башка сөз жок", "койсуңар десе арданышат" деген пикирлерин жазышты.
Ошондой эле кыргыз эли көчмөн калк болгонун жана айрымдардын жылкы көргөндө кармана албай каларын тамаша иретинде жазгандар да болууда.