Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаев тууралуу "Саякбай" тасмасын тартуу иштеринин башталганына бир жума болду. Учурда тартуу иштери Ысык-Көлдө кызуу жүрүп жатат. Тасмада Саякбай Каралаевдин образын көпчүлүккө Бопуш деген ат менен таанылган актёр Марат Жанталиев жаратууда. "Марат Жанталиевди көпчүлүк куудул актёр катары тааныйт, андыктан олуттуу образды кантип аткарып жатат?" деген сурообузга тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров мындайча жооп узатты:
"Марат Жанталиев чанда кездешчү таланттуу актёрлордун бири. Ал Москвадагы кинематографисттердин институтун бүтүп келген. Кийин гана үй-бүлөсүн багуу үчүн куудулдук өнөр менен алектене баштаган. Негизи, кыргыз элинде куудулдар жөнөкөй эмес адамдар, алар олуялык мүнөзгө да ээ болушкан. Манасчылар элдин маанайын көтөргөн, актёрдук жөндөмгө да ээ көп кырдуу инсандар болушкан.
Саякбай атанын жүзүнөн дайыма нуру төгүлүп турган. Олуттуу болуп, кабагын бүркөп Манас баянын эле айта берген эмес, керек учурда элди күлдүрүп турган тамашакөй да инсан болгон. Марат Жанталиевде ушунун баары бар. Албетте, алгач образга кирүүсү кыйыныраак болду, азыр көнүп калды".
Белгилей кетсек, тасмада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ролун кичүү уулу Элдар Айтматов ойнойт. Ошондой эле тасмада алып баруучу Нурзат Токтосунова, актрисалар Рахат Божокоева, Альбина Имашова, Ширин Сарыгулова роль жаратышкан.