Өзбекстанда нааразычылык акциялары башталганы айтылууда

"Өзбекстандын түштүк аймагында жайгашкан Сурхондарё облусундагы тургундар өлкөнүн учурдагы өкмөт башчысы Шавкат Мирзийоевдин президенттикке талапкер болушуна каршы акцияга чыга башташты", - деп азербайжандык haqqın.az маалымат агенттиги жазууда. Аталган агенттикке мындай маалыматты Өзбекстандагы оппозициялык "ЭРК" партиясынын Украинада жашаган Дустназар Худойназаров аттуу өкүлү ырастаган. Анын билдиришинче, аталган облуста жашагандар Мирзийоевди катаал адам катары билишет. Ошондой эле Худойназаров эл бул убакытты күтүп, бир нече айдан бери даярданып келгенин айтты.

"Өзбекстанда оппозициянын тарапташтары көп. Биз шайлоону таза өткөрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдонууга аракет кылабыз. Бирок бийлик ар кандай каршылык иш-чараларын исламчылардын козголоңу деп жарыялап, аларды ырайымсыздык менен басат", - деди ал.

Оппозиция өкүлү эгерде Ислам Каримовдун айланасында болгон топтордун ортосунда талаш-тартыш жаралса, нааразычылык акциялары кенен орун алышы мүмкүн деп эсептейт.

Айта кетсек, Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов 2-сентябрда каза болгону расмий түрдө жарыяланган. Анын сөөгү 3-сентябрда өзүнүн кичи мекени Самаркандда жерге берилген. Эми Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, 3 ай ичинде президенттик шайлоо өтүшү керек. Айрым саясий серепчилер Каримовдун ордун ээлегенге 59 жаштагы өкмөт башчы Шавкат Мирзийоев келиши мүмкүн экенин айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан