Бийлик "Ата Мекендин" өкүлдөрүн мамлекеттик органдардан кетирүүдө

Министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилик кызматтарынан “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүн кетиришүүдө. Мындай макаланы "ResPublica" басылмасы жазып чыкты.
Макалада автор 17-августтан баштап "ата мекенчилер" удаасы менен мамлекеттик кызматтардан бошотулуп жатканын айтып, алардын бир нечесин санап өткөн. Андан сырткары басылма: "Айрым маалыматтарга ылайык, сентябрда ээлеген кызматтарынан дагы эки "ата мекенчи" кетирилиши мүмкүн. Алар өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев", - деп жазат.

Автор кечээ юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуеванын кызматтан бошотулушун кайра эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштырат. Мындан тышкары автор Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысынын орун басары кызматынан Марат Таиров бошотулганын, интернет колдонуучулары "аны кызматтан алууга ал жетектеген инспекция Чолпон-Атадагы ипподромго кеткен чыгым 4 эсе жогорулатылганын таап чыкканы себеп болду" деп айтышканын, Таиров өзү кызматтан бошотулушун анын "Ата Мекен" партиясына мүчө экендиги менен байланыштырганын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан