Москвада өрттөнгөн басмакананын башкы директору Сергей Москвин каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ишканада мыйзамсыз иштешкенин моюнга алды. Бул тууралуу анын адвокаты Елена Звездинага таянып "Интерфакс" маалымат агенттиги жазып чыкты.
"Каза болгондор убактылуу эле жумушка тартылышкан. Москвин аларды патентсиз жумушка чакырганын моюнга алды. Ал айыптар боюнча бардык чыгашаларды жана туугандарына акча төлөп берүүгө даяр. Ал башында тергөөдөн качкан, себеби өнөктөштөрү аркылуу чыгашаларды төлөө маселесин чечкени жаткан. Үч адам Москвинден акчаны алды", - деди адвокат.
Анын айтымында, басмакананын башкы директору күнөөнү моюнуна алды. "Анын позициясы меникинен айырмаланат. Менин оюмча, кырсык орун алды, Москвин күнөөлүү эмес. Басмаканада өрт тууралуу сигнал берүүчү систем орнотулган", - дейт Звездина.
Мындан тышкары адвокат өрт коопсуздугуна башкы инженер жооптуу экенин айтып, кырсыктан кийин ал федералдык издөөгө алынганын баса белгиледи. "Басмакананын инженери Антон Яцков эмгек өргүүсүнө чыккандыгына байланыштуу Москвин мекеменин директору катары жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал абийирдүү адам", - деп айтты Москвиндин адвокаты.
Маалым болгондой, инженер Антон Яцков учурда изделүүдө. Орусиянын Башкы прокуратурасы өрттөн каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн 14 жаранынын ичинен экөөсү гана Москвада каттоодон өткөнүн аныктады. Ошондой эле аталган басмакана 4 жыл бою Өрткө каршы кызмат тарабынан текшерилбегени белгилүү болду.
Айта кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам басмакананын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Сергей Москвин күнөөсүн мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү келген. Москва шаарынын Останкинский райондук соту аны 2 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул убакыт аралыгында тергөө иштери жүрөт.