Бүгүн, 7-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз жергесиндеги интернет колдонуучулар үчүн күтүлгөн жагымсыз кабар иш жүзүнө аша баштады. Августта өлкөдөгү интернет-провайдерлер Казакстандагы компаниялар интернетти Кыргыз Республикасына жеткирүү баасын эки-үч эсе кымбаттатканы жатышканын жарыялашкан эле. Тарифтерди көтөрүү менен бир топ кардарларын жоготуудан чочулаган кыргыз интернет-провайдерлери казак интернет ташуучу компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Мындан майнап чыкпагандыктан, алар маселени чечүү суранычы менен Кыргыз өкмөтүнө кайрылышкан. Өкмөт да жыйынтык чыгара албаганы байкалууда. Кыргыз компаниялары тарифтерди өзгөртө башташты. “Казакстандык өнөктөштөрүбүз интернеттин транзити үчүн бааны эки эседен көбүрөөк кымбаттатты. Алар менен буга чейинки келишимдерди сактай алган жокпуз. Мындан улам 2016-жылдын 1-сентябрынан тарта жаңы тарифтер киргизилди”, - деген жагымсыз кабарды “Хомлайн” кыргыз провайдери жарыялады. Жакын арада “Акнет”, “Мегалайн” жана башка интернет-провайдерлеринен да мындай маалыматты күтүүгө болот.
Кыргыз жергесине интернет Казакстан аркылуу Орусиядан келет. Казакстандагы 4 интернет-провайдер монополия түзүп, транзиттин баасын негизсиз көтөрүп жатат деген жоромолдор бар. Кыргыз Республикасы 2015-жылдын август айында Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болуп кирген. Биримдикке кирерде бийлик “Кыргыз мамлекетинин алдында миллиондогон керектөөчүсү бар рынок ачылат. Кыргыздын тигүүчүсү, малчысы, дыйканы, эң негизгиси, Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранты жыргайт” деген эле. Биримдиктин курамына киргенибизге бир жылдан ашты. Жогоруда айтылган май көл менен сүт көлдүн бири да ишке ашкан жок. Казакстан илгери ар кандай шылтоолор менен кыргыз өндүргөн товарды чек арасынан өткөрбөй коюп келген, ал иштер дале уланууда. Орусияда мигранттардын абалы жыргап кеткен жок. Тескерисинче, элементардык коопсуздук шарттары жок иштеп чырактай кыздар тирүүлөй өрттөнүп кетишүүдө. Бүгүн кезек интернетке келди. Эртең дагы эмнеге келет? Казакстан кааласа бүткүл Кыргыз жергесин интернетсиз калтыра алат. Өкмөт дүйнөлүк желеге кошулуунун башка альтернативдүү жолдорун качан издейт?..
Кыргыз чекисттери Кытайдын Бишкектеги элчилигинде болгон жардырууну тезирээк иликтеп бүтүүгө шашып жатканы байкалууда. Тергөө кызыкчылыгына таяп маалыматтарды ары-бери таратпаганы менен айырмаланган Улуттук коопсуздук комитети кечээ Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууга катыштыгы бар деп шектелип жаткандардын аты-жөнүн жарыялаган. УКМК бул теракт боюнча издөөгө алган жарандардын арасында Мубарак Турганбаев аттуу адам бар. УКМКнын маалыматында: "Мубарак Турганбаев 1987-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Ал жардырууну уюштурууну жана каржы маселесин көзөмөлдөгөн. Учурда Стамбул шаарында жүрөт", - деп жазылган. Бүгүн ошол 29 жаштагы Мубарак Турганбаев интернеттеги баракчасы аркылуу дүйнөгө “мен күнөөлүү эмесмин” деп жарыя салды. Анын айтымында, ал “Адал Тур” ишканасынын өкүлү, Түркиядан Кыргыз Республикасына жүк ташуу менен алектенет. “Мага эч кандай расмий чакыруу бербей туруп издөө жарыяланыптыр. Мен эч кайда качкан жокмун. Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы консулу менен тыгыз байланыштамын. Тиги террористтер менен эч кандай катышым жок. Мага түшүмө да кирбеген чоң айып коюлууда”, - деп жазат Турганбаев. Ал жардырууга кандайча тиешеси бар деп илинип калганын төмөнкүдөй түшүндүрүүдө: “Биз Түркиядагы башка жүк ташыган ишканалардай эле акча трансфери менен да иштейбиз. 1-июль күнү ресторан иштеткен Бурхан деген киши Бишкектен алышат деп мага 5 миң доллар берген. Биздин балдар ал акчаны Искендер деген балага жеткирип беришкен. Учурда Искендерге акчаны жеткирип берген “Адал Турдун” Бахридин жана Мурадыл деген балдары сурак беришүүдө”. Турганбаевдин Фейсбуктагы баракчасына каалаган адам кирип, сүрөттөрүн көрө алат. Аны кебетесинен террорчу же экстремист деп айтуу кыйын.
Террорчулар эч кимден айбыкпай ачык кайрылууларды жолдой баштаганы Кыргыз мамлекетине да келип жеттиби же кыргыз чекисттери ишти тезирээк жабыш үчүн бейкүнөө адамга айып тагып камакка отургузганы жатабы? Кайсы варианты болбосун, мындай көрүнүш жөнөкөй жарандар үчүн коркунуч жаратат. Акча ташып, жүк ташып жүргөн жүздөгөн мекендештердин кимиси болбосун айыпсыз жерден УКМКнын абагына түшүп калуусу мүмкүн. Биздин күч түзүмдөрдө сурак учурунда адамга карата күч колдонуп, кылбаган кылмыштарды моюнуна илүүлөр болуп келе жатканын укук коргоо уюмдары айтып, жазып келе жатышат. Жарандарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу фактыларын текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун маалыматы боюнча, 2014-жылы 106 кылмыш иши боюнча кармалган 173 адам акталган болсо, 2015-жылы козголгон 75 кылмыш иши боюнча 111 жаран акталган. Айыпсыз адамдын камакка алынгандыгы үчүн тергөөчү жоопкерчиликке тартылыш керек, бирок Кыргыз мамлекетинде айыпсыз адамды камакка отургузган бир да тергөөчү жазага тартылган эмес...
Москвадагы басмаканада 27-августта чыккан өрттөн каза болгон кыргыз жарандарынын туугандарына Орусия тарабынан 1 миллион рублдан жабыр акы берилери айтылды. Бирок бир шарт менен... Эгер алар маркумдардын эмгек келишимдин негизинде иштегенин далилдеп беришсе. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгон 14 жарандын ичинен экөөсүндө гана эмгек келишими болгон. Алардын туугандарына деле Орусия өкмөтү бул сумманы “ме” деп кармата салчудай эмес. Каза тапкандардын жакындары толгон-токой бюрократиялык тоскоолдуктарга сөзсүз такалат. Өкүнүчтүүсү, миллион эмес, миллиард төлөнсө да баары бир маркумдарды тиги дүйнөдөн кайтара алышпайт.
Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз күнөөлүүлөрдүн бири деп изделип жаткан басмакананын башкы директору Сергей Москвин кармалды. Тагыраагы, ал тергөөчүлөргө өзү келди. Москвиндин адвокатынын орусиялык журналисттерге берген маеги нааразычылык жаратууда. Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ишканада убактылуу жана патентсиз иштешкен. Басмакананын директору өзүн күнөөлүү деп эсептесе, адвокатынын позициясы тескерисинче. “Менин оюмча, кырсык болду, Москвин күнөөлүү эмес. Басмаканада өрт тууралуу сигнал берүүчү систем бар болгон", - дейт адвокат. Албетте, ал адвокат катары Москвиндин кызыкчылыгын коргойт, бирок анын кебине карама-каршы келүүчү жагдайлар да белгилүү. Мисалы, басмакана 4 жыл бою Өрткө каршы кызмат тарабынан текшерилген эмес. Мындан тышкары жактоочу Москвин эмне себептен буга чейин укук коргоочулардан качып жүргөнүн ачыктады. “Ал башында качып жүргөн. Себеби өнөктөштөрү аркылуу чыгашаларды төлөө маселесин чечүүгө аракет кылган", - деди адвокат. Демек, коомчулук жана массалык маалымат каражаттары тарабынан басмаканадагы өрт боюнча мындай талкуулар болбогондо, Москвин из жашырып кетсе керек эле... 17 адамдын өмүрүн алып кеткен бул кырсыктын чыгышына айыптуулар жазаланабы? Маркумдардын жакындары жабыр акысын өндүрө алышабы? Азырынча бул суроолор ачык турат. Тышкы иштер министрлиги менен Орусиядагы элчилик бул каргашанын иликтенишин көзөмөлгө алып, тиешелүү колдоосун көрсөтпөсө, мекендештерибизди сот процессинен процесске, кабинеттен кабинетке сүйрөп жүрө беришери анык...