Жумгалда аялын жана аны менен өбүшүп жаткан адамды бычактап өлтүргөн жаран 15 жылга эркинен ажыратылды

Жумгал районунда аялын жана аны менен өбүшүп жаткан адамды бычактап өлтүргөн жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2015-жылдын 1-январында болгон. Анда 1977-жылы туулган Т.Тыныстанбек 1982-жылы туулган О.Б. аттуу жубайы Миң-Куш айылынын 1990-жылы туулган тургуну К.Н. менен өбүшүп жатканын көрүп, экөөнү тең бычактап салган. Алган жараатынан улам К.Н. ооруканага жетпей каза тапса, О.Б. ооруканадан каза болгон.

Окуя болгон учурда Т.Тыныстанбектин үйүнө 1993-жылы туулган К.Жакшылык барып калып, жабырлануучулардын жерде жатканын көргөн. Тыныстанбек аны да өлтүрөм деп жулунганда бычагы жерге түшүп калган. Ошондо К.Жакшылык бычакты алып, Т.Тыныстанбекти бир нече жолу сайган.

Аталган ишти 2016-жылдын 20-майында Кочкор райондук соту карап, Т.Тыныстанбекти 15 жыл, ал эми К.Жакшылыкты 5 жылга эркинен ажыраткан.

Соттун өкүмүнө Т.Тыныстанбектин жактоочусу апелляциялык тартипте даттануу келтирген. Бирок Нарын облустук соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
satarovkubacom
2016-09-16 17:31:35
Молодец, Т Тыныстанбек, эркектик кылгансын, бул дуйнодо кунолошсо да, но дуйнодо смело журосун, никелешкен аялын чочко кана кызганбайт.
+9
Urmat_83
2016-09-16 17:32:23
Башка бироо болсо деле олтурмок.Андайды коргондо жон койбойт да Ким болсо да
+8
shankol88
2016-09-16 17:38:35
Сотор азыраак беришкерек болчу.алардын арам ишке кол урганы еске алынбайбы?
+5
nursultan.91
2016-09-16 17:47:43
Ээх келиндер эсинер менен болгула,арты жакшылык м.н бутпойт,бала чаканар менен, куйоонордун суйуктуу жубайы б.п еле олтургулачы,букаларга козду сузбой.
+11
Shamdagai2013
2016-09-17 14:24:22
nursultan.91,Эркектер деле аялы туруп обушмок турмай,тошокто жатып журбойбу!Беш кол тен эмес да!
-1
Patriot...kg
2016-09-16 17:49:45
Туура кылгансын.
+3
namazbek__92
2016-09-16 18:10:35
Э кудай аялдарыбызга жана сотторубузга инсап бер
+7
bema_bema
2016-09-16 18:29:45
Аялдарды эле куноолой бербей,эркектер кичине болсо да аялдарга сылык сыпаа жакшы суйлоп эркелетип журсо эч качан козун сузбойт башка эркеке.

Бул эженин жаткан жери жайлуу болсунго бирок инисиндей жаш балдар менен зына кылганы эн жаман нерсе.
-6
sultan89
2016-09-16 22:58:48
bema_bema,не толька инисиндей
сенин никелешип тийген еринден башкасын
бир карап коюю озу куноо егер билсен
сен бир аз чокунду иштетип жазсан
анан емне чонураак болсо боло берет
дегенинби сенин?
+5
Moskva.kg
2016-09-16 19:18:45
Эн туура ким болсо деле аялын зына кылып жатканын корсо олтурмок аялын кызганбаган эркек бейиш жытын жыттабайт жаткан жери жайлуу болсун
+8
mahabat.
2016-09-16 20:12:01
байкуш аялзаты эркектин изменасын ыйлап сыктап кечирет.жаап жашырат.
+8
aigerimosh
2016-09-16 21:16:23
кудай сактасын зынаадан
+6
barakcha
2016-09-16 23:04:19
Эркектер дагы бир аз ыйманынар менен болсонор экен.Эри бар аялга жабышпай.
+4
Shat.88
2016-09-17 00:39:05
Эркек коруп олтуруп салыптыр тушунуктуу ал эми аялдар куйоолорун ойноштору менен жаткан жеринен кармап алышкандар кездешетго ошого эмне дейт эленер урматтуу эркек имиштер, силердей кучтуу эмоцияны да бизге кудай бербептир, аттин, берсе дуйно жузундо эркек аттуу калбай калмак.
+8
Sharos3
2016-09-17 00:47:44
Shat.88,
Эми эркекке тенелбеш керек да.
Аялдар бир моментте эки кишиден
торой албайт. А эркек 10 аялды
деле торото берет
+2
Totyua.71.
2016-09-17 04:33:40
Sharos3,кеп эркектердин 10аялды торото беруусундо эмес,аялын сыйлоосунда омурлук жолдош болдунбу ысык суугуна куйушконундо антип эле жаза берсек болбойт...
+2
Shat.88
2016-09-17 13:57:58
Sharos3,ошо тенелбейбиз да кудай тенелбес кылып жаратып койгон тенелсек айтпадымбы эркектер жок болуп кетмексинер
+1
Bekbolotovich
2016-09-17 13:32:28
Менин шаарчам экен
0
elmaro
2016-09-18 09:35:43
Аллахым,аял-эркекке ыйман,сабырдуулук берсе экен.Куйоосу бар туруп ушундай кылбаса болмок,боодо жерден адамдар олуп,турмого кесилди.Андай эле куттап жатса ажырашып алып,анан каалаганын кылбайбы
0
gulmira96
2016-09-19 12:08:34
Он аялды торото бериш иттен оной, ал эми бир баланы тогуз ай которуп тогуз толгоо тартып торош кандай азап экени эркектердин башына жетпесе керек. Эмне учун гулдой назик аялзатына тенеле бересинер эркектер, эне карындаштарынарды сыйлаган сыяктуу эле башка аял затын сыйлай билсенер зына деген нерсе болмок эмес. Аялга тенелип куноону аялдан издеген эркектерди эркек эмес деп эсептейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан