Австралияны утуп кубандырган футболчуларыбыз 2-турда Японияга 8:0 эсебинде утулушту

Бүгүн, 19-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун 2-тур оюндары ойнолууда. Бул турда Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасы Японияга каршы туруп, 8:0 эсебинде утулууга мажбур болду. Атаандаштар биздин футболчулардан ылдамдыгы, топ тартып алуудагы жана топ менен жүгүрүүдөгү мыктылыгы, бири-бири менен байланыш куруудагы чеберчилиги менен айырмаланышты.

Алгачкы таймда кыргыз футболчулары коргонууда жакшы ойноп башташкан. Көп голдор футболчуларыбыз кетирген орой каталардан улам кирип жатты. Алгачкы таймда 3:0 эсебинде катталса, кийинки таймда 5 гол кирди. Япониялыктар 2 голду пенальтиден киргизишти.

"В" тайпасындагы оюндар жана жыйынтыктары:

Өспүрүмдөр курамасынын оюндары:

16-сентябрь. 1-тур

Австралия-Кыргыз Республикасы - 0:1

Гол: Адилет Каныбек уулу (76-мүнөттө)

Япония-Вьетнам - 7:0

19-сентябрь. 2-тур

Кыргыз Республикасы-Япония - 0:8

Австралия-Вьетнам - 2:3

22-сентябрь. 3-тур

Вьетнам-Кыргыз Республикасы

Япония-Австралия

Азия чемпиондугу-2016: Кыргызстан-Япония
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
aianaaiana
2016-09-19 18:45:22
Ветнамдарды уткула эми алга алга алга
+2
Alibek-0001
2016-09-19 18:50:05
Уят го
+1
Kazybek.kg
2016-09-19 19:08:58
8 гол биздин оюнчулар уктап калышкан окшойт уят
+1
Beksultan-007
2016-09-19 19:31:26
Уят. Тренерлер эмне мн Алек бп журот. Коргунда келбей кетет . Кечээки оюнду корсон конулун айланат
0
kanybek1986
2016-09-19 20:18:49
Кайсы каналдвн туз эфир корсо болот достор?
0
Salman777
2016-09-19 20:19:32
уят эле барбай эле койгулачы силерди ал жакка алып барган акчага бир айылга садик салса ошол жакшы болмок .. уят эмеспи 8 0 деген кандай шумдук
+4
nemo2016
2016-09-19 20:26:20
Жакшы эмес балдар
0
elmurat.kg
2016-09-19 20:51:35
ээ кайдан кортасынар
0
janysh91
2016-09-19 21:10:46
Алга кыргыз алга
0
Nur1k
2016-09-19 21:19:16
Биздикилер же кыргыздын тукумубу билбейм. Физически алардан слабый экенбиз. Австралиялыктардан да слабый экен биздикилер физически. Оюнун корсонор менин айтканымы тушунмоксунор. 90 минута ичинде биздикилер чуркай албай, бутум деп эле жатып калышып атты. А Австралиялыктар зынкыйып эле ойноп журушот бироосунун "буту" оорубай эле. Топго тен чуркап корпус кылганда да биздикилерден оной эле алып коюшуп атты. Просто бизге повезло болду Австралиялыктар менен.
0
salimbek87.kg
2016-09-19 21:50:03
Дарбазачы не уктап калганбы не кылды ар бир кирген голду кош колдоп кутуп алдыбы
0
Nur1k
2016-09-19 22:05:59
salimbek87.kg, футболдо вратарьга илинбейт мындай нерселер. Вратарь норм эле экен. Биздин защита, нападение вообще слабый экен.
0
Maha-0711
2016-09-19 22:12:13
иий 8:0, байкуштар уят эле болгон турбайбы..алдыдагы оюндарга ийгилик!
0
bekbolotabdirasulov
2016-09-19 22:40:01
Кандай болсо да оюн оюн да!
Женет женилет мына ушундай булар жаштар болгондуктан анча тажырыйба да жок болушу мумкун балким бирок, азиянын чемпиондору дешет Япондорду!
Аларга да туруштук беруу кыйынга турат!
Кандай болсо да умут бар жамандабай кайра ийгилик кааалайлы!
Алгааа Кыргызстан!
0
Maks_shop
2016-09-19 22:45:53
кулкум келтат
0
Neizvestno777
2016-09-20 00:54:27
Чуркай албай жыгылып журушот , физический аябай слабый экен биздин балдар ,Тамак жешеби озу..., бул темпте ойносон эч Кимди ута албайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан