Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн чек ара, миграция, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу, жол кырсыктары боюнча маалымат угушууда. КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев сөз сүйлөөгө чыгып, күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу эмес, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мүлктөрүн текшерүүнү өкмөттөн талап кылды.
"Биздин тележылдызыбыз депутат Текебаев көптөн бери массалык маалымат каражаттары аркылуу чыгып жатат. Мен премьер-министрге кайрылат элем, эмнеге Текебаевдин 2010-жылдан кийин сатып алган мүлктөрү текшерилбей жатат? Эмнеге Салык кызматы муну иликтебей жатат?" - деди Мискенбаев.
Депутаттар буга ачууланышты. Айрым депутаттар: "Күн тартибине киргизилген маселе боюнча сүйлөбөйсүңбү, төрт орчундуу маселе турат. Төрага, анын сунушун кабыл албаңыз, микрофонун өчүрүп салыңыз", - деп айтышты. Төрага Чыныбай Турсунбеков Мискенбаевден күн тартибиндеги маселелер боюнча ой-пикир билдирүү керектигин айтып, жыйынтыгында анын микрофонун өчүрүп, сөздү башка депутаттарга берди.
Депутат Руслан Казакбаев күн тартибине киргизилген төрт маселе өтө оорчундуу болгондуктан, ар бирин өз-өзүнчө талкуулоону сунуштады.