Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө маршруттук такси жол кырсыгына кабылып, 9 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаардык “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-сентябрь күнү Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Анда аталган көчө менен түндүктү көздөй бара жаткан №138-каттамдагы кичи автобус бир капталына оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 9 адам жабыркап, бири ооруканага жаткырылган. Көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып, денелери сыйрылган.