Бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын негизги калкынын, кыргыз улутунун тили. Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, тагыраагы, эне тил - адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, боор эт менен тең, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы.
Кыргыз тили байыркы бай тилдердин бири экендиги тарых барактарында маалымдалат. Бирок заманбап жашоо, технологиянын өнүгүшү, неологизмдердин (жаңы сөздөр) пайда болушу да кыргыз тилине өз таасирин тийгизген. Андыктан кыргыз тилин кадырлоо, сүйүү, өнүктүрүү тууралуу көптөгөн иш-чаралар, акциялар жүргүзүлүп келет.
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата назарыңыздарга эне тили тууралуу жазылган ыр саптарын сунуштайбыз. Ал эми кээ бир ыр саптары кыскартылып берилди.
Алтынбек Исмаилов
"Мен - кыргызмын!"
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.
Ташты сыгып тарыхты тапкым келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!
Байдылда Сарногоев
Шайлообек Дүйшеев
"Эне тилин унуткандар"
Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.
Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.
Кыргыз эмес, кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес, кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!
Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
"Жылт" эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!
Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Жеңишбек Жумакадыр
"Кыргыз тилим минип калды араба"
Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга, айтчы, кандай акың бар?
Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген.
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен "приветтин" айырмасын билбеген.
Казактарды карагыла, казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла, өзбекче ырдады.
Орусчалап бийлегин деп,
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү,
Бирок анын сүйлөй турган жери бар,
Ата-бабам айтып келген, ар нерсенин чеги бар.
Айткылачы, кыргыздарым,
Кыргыз тилдин башка тилден кай жеринен кеми бар?
Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага.
"Ата" дешти алмаштырып "папага",
"Эне" дешти алмаштырдык "мамага".
Башка тилдер минип жүрсө Мерседес,
Кыргыз тилим минип калды араба.
Кыргыз дебейм, кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,
Кыргыз дебейм, элди бөлгөн, жерди бөлгөн аймакты.
Кыргыз дебейм, сатып жүргөн өз мекенин, там-ташты,
Кыргыз дебейм, өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.
Бул ыр саптары Кочкор районундагы А.Жалпетеков атындагы мектептин кыргыз тили, адабияты мугалими Сыдыкбек Самүдүновго таандык.
Эне тилин өгөйлөп жектегендер,
Эне тил элегинен өтпөгөндөр,
Кыргыздын өзүн чанып, сөзүн чанып,
Кыргызча кымыз ичип, эт жегендер,
Калайык, айткылачы, булар кимдер?
Улуттук ар-намысты тепсегендер,
Улуттун кадырына жетпегендер,
Өздөн чыккан жат болуп, дилин сатып,
Өзүнүн маңкурттугун сезбегендер,
Кыргызым, айт чыныңды, булар кимдер?
Бабабыз Манас тилин билбегендер,
Балдарына орусча сүйлөгөндөр,
Калкы эмес, керт башынын камын көрүп,
Кыргызга кымындай да күйбөгөндөр,
Оо, журтум, айткылачы, булар кимдер?
Кыргыздын ак калпагын кийбегендер,
Кыргыздын эсебинен күн көргөндөр,
Туя албай эне тилдин улуулугун,
Түбөлүк жан дүйнөсү кирдегендер,
Эл-журтум, айткылачы, булар кимдер?