Кайрат Примбердиев "Голос" телеберүүсүнүн тандоо турунан өтүп, Леонид Агутиндин командасына кабыл алынды

Кайрат Примбердиев Орусиянын "Голос" телеберүүсүнүн 5-сезонуна катышып, тандоо турунан өттү. Ал Леонид Агутиндин командасына кабыл алынды. Ырчы сахнада Жеймс Браундун "It's a Man's Man's Man's World" ырын аткарды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ырчынын менеджери Эльвира Примбердиева билдирди.

"Күчтүү катышуучулар абдан көп, бирок мен болгон талантымды көрсөтүүгө аракет кылам. Мен каалаган, кыялдангандай биринчилерден болуп мага бурулган Леонид Агутин менен Полина Гагарина болду. Гагаринанын чыгармачылыгын абдан сыйлайм, ыраазычылыгымды билдирем, бирок мен устат катары Леонид Агутинди тандадым", - деди ырдап бүткөн соң Кайрат Примбердиев.

Ал эми ырчынын менеджери: "Бул долбоорго август айында барып тартылып келгенбиз. Келишимдин шарты боюнча жыйынтыктарын айта албайт болчубуз. Бул нерсе ары кызыктуу, ары интрига жаратат экен. Ушул айдын соңунда кайрадан тартуу иштери башталат. Азыр Кайрат даярданып Москвада жүрөт. Анда Майкл Жексондун ырын бир ырчы жигит менен дуэт аткарат", - деп билдирди.

Кайрат Примбердиев - Голос-5
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Aima94
2016-09-24 12:28:36
Азамат!!!! Ийгилик
+1
Pes1500
2016-09-24 13:21:02
Азамат ийгилик!!!
+1
guljigit88
2016-09-24 13:22:42
Коруп алып алып сахнада мен жургондой толкунданып кеттим, аялын коруп менинда козумдон жаштарым агып кетти. Дагыда болсо коптогон ийгиликтерди багындырып биздин сыймыгыбыз болуп журо бериниз.
+5
Palan4a
2016-09-24 14:35:39
"сары ойду" аябай мыкты ырдадын! Соз жок! Ийгилик!
0
Pandora
2016-09-24 14:36:11
Ийгилик!!! Мен эле жаман болуп кеттим эч ким кнопканы баспай копко турганда.
+2
Pandora
2016-09-24 14:39:08
Кайраттын аялына ишенгшени анын кучтуулугунон белги берет,алдынкы иньтервиюсунда эле билгенмин журналисТ берген суроого озх ойун озу айтпай аялына ишенип тапшырганына.Эркектерге туркук болгон Крманжан Даткадай кыздарыбыз кобойо берсин
+3
shadyeva
2016-09-24 15:06:27
Аззззззаматсын
+1
karasuu
2016-09-24 15:26:27
дааа кечээ теледен кордук эле кыргызчада сонун ырдады
+2
Muslim1990
2016-09-24 16:52:51
Азамат!!!
Кайрат ырдаган кыргызча ыр кимдин ыры эле.Билгендер жазып койгула ырдын темасын,авторун дагы.
0
Nurkyz1977
2016-09-24 18:44:57
Muslim1990,сары ой деген ыр,бул элдик ыр болуш керек.
+1
Adila27
2016-09-24 22:39:13
Алга Кайрат
0
Aruna25
2016-09-24 23:15:40
Минус бассанар баса бергиле, бирок мага эч эле жакпайт ушу бала обу жок аялы кошо...
-12
Stervashka
2016-09-25 00:27:24
Молодец Кайрат, алга. Главная сценада да калтырбай коргон болчум. Голосту да калтырбай кором. Уй булолук бактынарга коз тийбесин. Ийгилик каалайм.
+2
nagima.555
2016-09-25 11:34:23
Кубанганын коруп баары кулушту го кульминациясы ошол болуптур молодец сахнада сонун алып журот озун ушул бала.Создору да таамай тийдиго чиркин жюрилерге Азамат ийгилик сага.

+2
Komrad
2016-09-25 12:56:39
Сары Ойду качан ырдады? жогорку видеодо ал ыр эмес, адашпагыла.
0
Aselina_kg
2016-09-26 00:00:50
Кыргыз элинин сыймыгы! Ийгилик!Талантынызды талыкпастан тартуулай бериниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан