"Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке ишкерди мас абалда ур-токмокко алды" делген УКМКнын жергиликтүү аймак боюнча башчысы үйүнө коё берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, аталган факт боюнча тергөө иштери эртең башталат. "25-сентябрга караган түнү жабырлануучу аялы менен тойдон келе жатканда бир унаа алардын жолун тосуп токтогон. Ичинен мас абалдагы төрт адам чыгып, экөө аялын кармап турушканда, калгандары жеке ишкерди ур-токмокко алышкан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, милицияга арыз жазган. Ошол эле түнү милиция кылмышка шектүүлөрдү кармап, экспертизадан өткөрүү үчүн ооруканага алып келген. Бул жерде УКМКнын жергиликтүү аймак боюнча башчысы "ажатканага кирем" деп терезеден секирип качууга аракет жасаганда, милиция кызматкерлери аны кармоого үлгүрүшкөн, бирок учурда ал камакта эмес. Бир-эки саат мурун аны үйүнө коё беришиптир", - дешти булактар.
Мындан тышкары алар аталган жеке ишкер Баткен облусунда завод ачкандан кийин УКМКнын кызматкерлери андан акча талап кыла башташканын баса белгилешти.
Айта кетсек, Кызыл-Кыяда жеке ишкерди УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алышканы тууралуу маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" жөнөткөн.