"УКМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы кызматкери тарабынан сабалды" делген ишкер Зарылбек Маткалыков SUPER.KG порталына кайрылып, окуя тууралуу айтып берди.
Зарылбек Маткалыковдун айтымында, окуя 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Ноокат районунун аймагынан Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылына кире бериш жерде болгон. Анда УКМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы кызматкери Замир Жолболдуев балдары менен ур-токмокко алган.
“Окуя болордон 2-3 күн мурун иш бөлмөмө белгисиз адамдар келишип, Замир аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөштүрүшкөн. Анда ал “ишкер экенсиң, биздин алдыбыздан өтүп койбойсуңбу” деген. Мен анын сунушуна макул болгон эмесмин. Окуя болгон күнү келинчегимди тойго алып барып, кайра келе жатканбыз. Караван айылына 500 метр жетпей артыбыздан белгисиз унаа кысып, күйүүчү май куюучу жерден токтоого аргасыз болдук. Ал жерде эч ким жок экен. Анан унаадан белгисиз 3 адам түшүп, мени ур-токмокко алышты”, - дейт Зарылбек Маткалыков.
Андан соң Зарылбек Маткалыков келинчеги менен бирге ооруканага барган. Артынан Замир Жолболдуев кечирим суроо үчүн келген. Анын мас абалда экенин текшерүү учурунда качып кетүүгө аракет кылган, аны милиция кызматкерлери кармап калышкан.
“Ошол жерден аны убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен, бирок анын бир аздан кийин эле эркиндикке чыгарылганын уктум. Учурда ооруканадамын, мага ар кимди жөнөтүп, кысым көрсөтүүдө. Укук коргоо органдарынан адилеттүү териштирүүнү талап кылат элем. Ошондой эле унаанын ичинде 156 миң сом бар болчу. Аны да уурдап кетишиптир”, - дейт Маткалыков.
Бул окуя боюнча УКМКнын басма сөз кызматы “Кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Мындан улам Замир Жолболдуев убактылуу кызматынан алынды” деп билдирүү таратты.
Ал эми Ички иштер министрлиги “Эки тарап тең милицияга арыз жазды. Учурда топтолгон материалдар Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Териштирүү иштери жүрүп жатат” деп билдирди.
Айта кетсек, Кызыл-Кыяда жеке ишкерди УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алышканы тууралуу маалыматты окурман 25-сентябрда "ЭЛДИК КАБАРга" жөнөткөн.