Референдум дайындоо жөнүндө мыйзамга өкмөт шашылыш, процедураны бузуу менен корутунду бергени айтылды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети бүгүн, 27-сентябрда референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо. Мыйзам долбоору боюнча өкмөт корутунду чыгарган. Бирок жыйында депутат Өмүрбек Текебаев өкмөттүн тез арада корутунду чыгарышы шектүү экенин айтып чыкты.

"Вице-премьер-министр Абылгазиев жаңы эле айтты, өкмөттүн өткөн аптадагы жыйыны шейшемби же шаршемби күнү өтүптүр. Мындан башка жыйын өткөн эмес. Ал эми мыйзам долбоору жума күнкү иш күнүнүн соңунда киргизилген. Демек, төрага документти шашылыш түрдө өкмөткө жиберип, өкмөт өзүнүн корутундусун бере салган. Өкмөттүк жыйындын протоколу кайда калды?" - деди Текебаев.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү өкмөт корутундуну тез арада даярдап бергенин, анткени мыйзам долбоору маанилүү экенин белгиледи. Мындан кийин Текебаев тез арада даярдаган күндө да, бардык министрликтерден корутунду алынышы шарт экенин айтып, азыркы учурда андай корутундулар жок экенин, процедура бузулганын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан