Тарых музейиндеги өрттүн келип чыгуу себеби аныкталды

Тарых музейиндеги өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат 22-июнь күнү саат 22:22 чамасында келип түшкөн. Аны өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү унаа жана 100дөн ашык кызматкер тартылган. Тилсиз жоо 23-июнга караган түнү саат 04:42де толук өчүрүлгөн.

Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы: “Өрттүн кесепетинен жыйын өтүүчү залдын жанында жайгашкан кампанын ичиндеги 300 чарчы метр жараксыз кагаздар, ар кандай чарбалык иштерде колдонуучу буюм-тайымдар жарым-жартылай күйүп, түтөгөн. Бактыга жараша, көргөзмөгө коюлуучу экспонаттар зыянга учураган эмес. Алар толугу менен жер төлөгө киргизилген”, - деп билдирген.

3 ай аралыгында тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгону аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
revolyutsioner1
2016-09-28 15:50:41
Ушуну айтат деп куттум эле, бирок бул версияга орт чыкканда эле ишенбегем. Менин жеке оюмда орттун келип чыгуусуна ким бироолор кызыкдар болгон. Мисалы ремонт иштерине байланыштуу болушу мумкун (бизге билинбеген кайсы бир нерселерден кутулуу ж.б.) же кайсы бир баалуу экспанаттарды уурдап анын "изин" жабуу учун...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан