Парламент депутаты Жыргалбек Турускулов курттаган ундун сатылышы боюнча жооп кайтарбай жаткан өкмөткө нааразы. Бул маселени айтып кайрылганына бир аптадан ашканын белгилеген депутат: "Эшектин этин жеген кыргызстандыктар эми курттаган ундан нан жеши керекпи? Массалык маалымат каражаттарында айтылууда, бирок өкмөт көңүл бурбай жатат. Эгерде жооп бербесеңер фактыларды, видеодалилдерди жарыялайм", - деди.
Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында аталган депутат Мамлекеттик материалдык резерв фондундагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалыматтар чыкканын, фонд курттаган унун карылар үйлөрүнө жана жетим-жесирлерге 16 сомдон сатып жатканын айтып чыккан. Мекеменин кампасында дагы 70 тонна ун калды деген маалымат бар экенин да билдирген эле.