Темир Сариев: "Банк уячалары боюнча эч кандай күнөөм жок"

"Банк уячалары боюнча эч кандай күнөөм жок", - деп бүгүн, 30-сентябрда журналисттер менен жолугушуусунда мурунку өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын аягында берген маалымат жыйынында бул маселеге чекит койгон эле. "Мен ага эки жолу кат түрүндө кайрылгам, эки жолу текшерткен. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы бар. Ага ылайык, Сариевдин эч кандай күнөөсү жок. Банк уячалары маселесинин себеби эмнеде? 2013-жылы Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары болуп, прокуратура тармагын жана Каржы полициясын көзөмөлдөп турган. Банктарга иш козголуп, Башкы прокуратура менен Каржы полициясы гана банк уячаларына барган. Алар иш козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатышкан. Сариевдин бир да банкка басып барып, бир да уячаны ачууга укугу да жок эле, барган да эмес элем. Жанагы акча Улуттук банкка өткөрүлүп, сактоого коюлган. Башка жерге коё албайт элек. Улуттук банкта акча сактай турган абдан чоң сейфтер бар. Ошол акчаны биз колдонуу боюнча биз чечим кабыл алганбыз. Анын Убактылуу өкмөттүн атайын чечимдери бар. Башка эч нерсе жок. "Сариев кайсы бир банкка барып, ячейкадан акча алды" деген сөз жок. Кимдер акча уурдашса, ошолор жооп беришсин", - деди Сариев.

"Кээде ушул сыяктуу жалган күнөөлөр жабышып калат экен. Адамдарга чынын айтып берсең, "жок, ишенбейбиз" деп туруп алышат да. 2010-жылдык шайлоодо ушунун кесепети түздөн-түз мага тийген. Ал кезде биз Убактылуу өкмөттүн ичинде талашып турган элек. Атамбаев, Текебаев үчөөбүз партияларыбызды чыгарып, шайлоодо "мен утам, мен утам" деп талашып турганбыз. Бири-бирибизге компроматтар айтылды, бирок мен бирөөнө да компромат айткан жокмун, азыр да айта албайм. Андай жерим жок менин", - деп билдирди экс-премьер-министр.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “мародёрчулук да, банк уячалары да ачылат” деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан